Мазмунун көрсөтүү

21-МАЙ, 2021
ИЗРАИЛЬ

Израиль менен Палестина аймагындагы жаңжал

Израиль менен Палестина аймагындагы жаңжал

Болгон жери

Израиль жана Палестина аймагы

Кырсык

  • 2021-жылдын 10-майында Израиль менен Палестина аймагында куралчан топтордун ортосунда жаңжал чыкты. Анын аркасында көптөр оор жаракат алды

    Бийликтегилердин эскертүүсүнө кулак кагып, бомбадан коргой турган жерде жашынып отурган атайын пионерлер

  • Кагылышуунун айынан Израилдеги жүйүттөр менен арабдар аралаш жашаган шаарлардагы үйлөр, коомдук имараттар талкаланды

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Израилдеги жана Палестина аймагындагы 2 000ден ашуун жарчынын эч кимиси жабыр тарткан жок

  • 73 жарчы, анын ичинде жыйналыштарда атайын толук убакыт кызмат кылган 15 ишенимдешибиз коопсузураак жакка көчүрүлдү. 13 бейтелдик бомбадан баш калкалай турган жерлери бар бөлмөлөрүнө убактылуу башка бир туугандарды кабыл алышты

Мүлккө келтирилген зыян

  • 6 үйдүн анча-мынча жери зыянга учурады

Жардам берүү иштери

  • Кырсык болгондо жардам берүү комитети райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар менен кызматташып, жабыр тарткан ишенимдештерибизге көмөк көрсөтүү иштерин уюштурууда

  • Райондук көзөмөлчүлөр менен аксакалдар жарчыларга Ыйык Китептен аяттарды окуп берип, сооротууда

  • Жардам берүү иштери учурунда COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чаралары сакталууда

Азыркы учурда бардык жерде жыйналыш жолугушуулары онлайн өткөрүлүп жаткандыктан, жолугушуулар үзгүлтүккө учураган жок. 15-майда согуш болгон аймактагы ишенимдештерибиз JW Stream сайты аркылуу райондук жыйынды көрө алышты. Түштөн кийинки программаны үч жолу токтотууга туура келген. Анткени бийликтегилер элди сирена аркылуу эскертишкен. Сирена башталганда бир туугандар бомбалардан коргой турган атайын баш калкалоочу жерлерге жашынышкан. Кагылышууларга карабай 804 жарчы еврей тилинде өткөн жыйынга онлайн катыша алышкан. Ал эми 297 жарчы жыйындын программасын тагал тилинде уга алышкан. 22-майда Израилдеги жана Палестина аймагындагы араб тилиндеги 5 жыйналыштын райондук жыйыны өткөрүлмөк.

Ушундай оор жагдайга туш болгон ишенимдештерибиз Жахабага таянып, аны баш маана кылууда (Забур 91:1, 2, 5).