Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 22-ЯНВАРЬ
ИЗРАИЛЬ

Нацисттик режим маалында Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталганы тууралуу Тель-Авивде көргөзмө өткөрүлдү

Нацисттик режим маалында Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталганы тууралуу Тель-Авивде көргөзмө өткөрүлдү

ТЕЛЬ-АВИВ. 2017-жылдын 26-ноябрынан 2-декабрына чейин Жахабанын Күбөлөрү «Ха-Тахана» туристтик комплексинде өткөргөн көргөзмөгө 1 700дөй киши келди. Көргөзмө нацисттик режим маалында куугунтукталган Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө көбүрөөк маалымат берүү максатында уюштурулган.

Көргөзмөгө видеоматериалдар, тарыхый сүрөттөр жана концлагерде отургандардын кийими коюлду. Ал кийимди мурда концлагерде отурган бир Жахабанын Күбөсү ошол учурдагыдай кылып колго тиккен. Ортого мурун концлагерге камалган Иоганнес Штейер (1908—1998) аттуу бир Жахабанын Күбөсү колго тарткан Бухенвальд тууралуу 27 сүрөт коюлган. Иоганнес Штейер нацисттик режим учурунда 10 жыл куугунтукталып, мыкаачылык көрсөтүлгөнү менен белгилүү болгон Бухенвальд, Маутхаузен, Заксенбург, Заксенхаузен концлагерлеринде отуруп чыккан. Сүрөттөрдү тартууга ага концлагерлер тууралуу сүрөттөр жана эсинде калгандары түрткү берген. Аларды 1970-жылдары тартып бүткөн.

Көргөзмөгө келген аял мурда концлагерде отурган бир Жахабанын Күбөсү ошол учурдагыдай кылып колго тиккен кийимди карап турат.

Эмгек сиңирген профессор Яир Аурон

Израиль тарыхчысы жана Израиль Ачык университетинин эмгек сиңирген профессору Яир Аурон Тель-Авивде ушундай көргөзмөлөрдү уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп мындай деген: «Бул көргөзмөнү, айрыкча, жогорку класстагы окуучулар көрүшү керек деп ойлойм. Себеп дегенде Жахабанын Күбөлөрү тууралуу маалымат өтө эле аз. Израилдиктердин көбү Жахабанын Күбөлөрү жана алардын нацисттик режим тушунда канчалык куугунтукталганы жөнүндө таптакыр билишпейт».

Израилдеги Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Мауро Трапанесе мындай дейт: «Бул көргөзмө Жахабанын Күбөлөрүнүн нацисттик режим маалында азап тартканы тууралуу эле эмес, алардын гана башынан өткөн өзгөчө окуялар тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулду. Мисалы, көргөзмөгө келгендердин көбү концлагерлерде отурган Жахабанын Күбөлөрү, башкалардан айырмаланып, дининен баш тартса, эркиндикке чыга алышмактыгын билчү эмес экен. Көпчүлүккө маалым болбогон ушундай фактылар көргөзмөнүн кызыктуу болушуна өбөлгө түздү».

Профессор Гидеон Грейф

Аушвицтин тарыхын изилдеген Гидеон Грейф аттуу тарыхчы, профессор мындай деп айткан: «Жахабанын Күбөлөрү динине бекем карманып, абийирин таза сакташы үчүн азап тарткандардын жана ушунусу менен урмат-сыйга татыктуу болгондордун катарына кирет».

Доктор Батья Брутин

Көргөзмөгө келген холокостту изилдеген искусство таануу боюнча адис жана доктор Батья Брутин мындай деп ой бөлүшкөн: «Менин оюмча, эгер Жахабанын Күбөлөрү жана алардын нацисттик режим маалында кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөнү тууралуу көптөр билишсе, дүйнөнү кандай баалуулуктар жакшыртмактыгын көрө алышмак».

Көргөзмөнү бир эле жолу көрсөтүү үчүн уюштурушса да, ага келген бир нече жогорку окуу жайынын өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн нацисттик режим учурунда куугунтукталганы жөнүндө көбүрөөк маалымат берүүнү суранышкан.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Израиль, Мауро Трапанесе, тел.: +972-54-568-1912