2019-ЖЫЛ, 31-МАЙ
ИЗРАИЛЬ
Израилдин Тель-Авив шаарына миңдеген туристтер агылып келгенине байланыштуу эл көп жерде күбөлөндүрүү иши жүргүзүлдү
10-майдан 19-майга чейин Израилдеги Жахабанын Күбөлөрү Тель-Авивде жүргүзүлгөн эл көп жерде күбөлөндүрүү ишине көбүрөөк катышууга бүт күчүн жумшашты. Шаарда ар кандай маданий аземдер өткөрүлгөнүнө байланыштуу туристтердин саны көбөйгөндөн көбөйгөндүктөн, бир туугандар күбөлөндүрүү ишине көңүл топтоону чечишти. Мисалы, 14-майдан 18-майга чейин Тель-Авивде өткөрүлгөн «Еврокөрүнүү» ыр сынагына он миңдей турист келди.
Эл көп жерде күбөлөндүрүү ишин уюштурууга жардам берген Геннадий Коробов бир тууган мындай дейт: «Тель-Авивге музыкалык таймашка миңдеген туристтердин келерин билгенибизде эл көп жерде күбөлөндүрүү ишине басым коюу маанилүү экенин түшүндүк. Израилдин чар тарабындагы 22 жыйналыштан 168 жарчы бул ишке көмөк көрсөтүүгө даяр болгонуна абдан сүйүндүк».
Бир туугандар адабият текчелерин сегиз жерге коюп, күн сайын эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 21:00гө чейин кызмат кылып жатышты. Туристтер ар кайсы өлкөдөн келгендиктен, адабият текчелерине 10 тилде: араб, кытай, англис, француз, немис, иврит, италян, жапон, орус жана испан тилдеринде адабият коюлду.
Израилде жүргүзүлгөн бул иштин жакшы жемиш берерине бекем ишенебиз. Бул иш-чара Жахабанын эли аны «ар убак» даңктап жатканын дагы бир жолу тастыктап турат (Забур 34:1, 2).