2018-ЖЫЛ, 17-АВГУСТ
ИНДИЯ
Индиянын түштүк-батышында адамдардын өмүрүн алып кеткен сел жүрдү
Индиядагы Керала штатында жааган катуу жаандын айынан 25тей жерде сел жүрүп, бери дегенде, 75 киши каза тапты. Индиянын метеорология департаментинин маалыматына ылайык, учурдагы түштүк-батыш муссону (жылдын мезгилине карата кышкысын кургактыктан деңизге, жайкысын деңизден кургактыкка карай согуучу шамал) бул аймакта жаандын мурда болуп көрбөгөндөй катуу жаашына себеп болду.
Өкүнүчтүүсү, Индиядагы филиал билдиргендей, селдин айынан 60 жаштардагы жубайлар жана Ыйык Китепти изилдеп жаткан бир адам каза болду. Ыйык Китепти изилдеп жаткан дагы эки киши катуу жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Андан тышкары, кошунасын куткарууга аракет кылып жатып 17 жаштагы бир бир тууган чөгүп кетти.
Кандай зыян келтирилгенин аныктоо жана жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн жергиликтүү Кырсык болгондо жардам берүү комитети (КБЖБК) уюштурулду. Падышалык залдарынын кээ бирлери жардам берүү иштерин уюштуруу үчүн колдонулууда. Алгачкы билдирүүлөргө ылайык, бир туугандардын, бери дегенде, 46 үйү зыянга учурады же талкаланды. 85тей үй-бүлө (475 жарчы) ишенимдештеринин же туугандарынын үйлөрүндө убактылуу баш калкалоодо. Ошондой эле суу каптагандыктан, кээ бир Падышалык залдары жарым-жартылай суунун астында калганы билдирилди. Жакынкы күндөрү жаан дагы нөшөрлөп жаай турганы күтүлгөндүктөн, КБЖБК жагдайга кылдат байкоо салууда.
Филиалдын өкүлдөрү, райондук көзөмөлчүлөр жана жыйналыштын аксакалдары жабыр тарткан бир туугандарга барып, аларды жубатып, Ыйык Китептеги ойлорду айтып бекемдешти.
Бүлгүнгө учураткан муссондун айынан жапа чеккендерди ойлоп, алар үчүн тиленип жатабыз. Ушу сыяктуу табигый кырсыктардын жана алардын кесепетинде болуп жаткан азаптын баары жок боло турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келебиз (Аян 21:3, 4).