Мазмунун көрсөтүү

ИНДИЯ

Индия жөнүндө кыскача маалымат

Индия жөнүндө кыскача маалымат

Индияда Жахабанын Күбөлөрү 1905-жылдан бери бар. Алардын кеңсеси 1926-жылы Бомбейде (азыркы Мумбай) негизделген жана 1978-жылы расмий түрдө катталган. Жахабанын Күбөлөрү дин тутуу, диний ишенимин ачык билдирүү жана башкаларга айтуу укугуна кепилдик берген Индиянын конституциясынын негизинде эркин сыйынып жатышат. Алардын Индиянын Жогорку сотунда өткөн жана көптөргө белгилүү болгон «Бижо Эмманьюэл Керала штатына каршы» деп аталган сот ишинде жеңишке жеткени бардык жарандардын конституциялык эркиндигине салым кошкон. Жахабанын Күбөлөрү Индияда жалпысынан эркин сыйынууда. Бирок айрым штаттарда диний кастыктан улам кол салган сүрмө топтордун курмандыгына айланууда жана ар кандай кыйынчылыктарга туш болууда.

1977-жылы Жогорку сот диний көз караштары тууралуу айтуунун жана башкаларды өз динине тартуунун ортосунда айырма бар экенин жарыялаган. Сот эч кимдин бирөөнү өз динине тартууга укугу жок экенин жана айрым штаттардагы бийлик өкүлдөрүнүн башкаларды өз динине өткөргөндөргө чектөө коюп жатканы мыйзамдуу экенин билдирген. Кол салгандар полицияга соттун чечимине таянып иш кылып жатышканын жана Жахабанын Күбөлөрүн башкаларды өз динине өткөргөнгө аракет кылып жаткан жеринен кармаганын айтышкан. Өз динине өткөрүү жөнүндөгү мыйзам күчүндө болбогон штаттарда каршылаштар Жахабанын Күбөлөрүн Кудайга акарат кылып жатышат деп айыптап, колония болгон кездегиден бери келаткан мыйзамды алардын кабар айтуу ишине карата туура эмес колдонушат. Натыйжада Жахабанын Күбөлөрү 2002-жылдан бери 150дөн ашык жолу жаалданган топтун кол салуусуна дуушар болушкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жабыр тарткан тарапты тийиштүү деңгээлде коргобогондуктан жана кол салгандарды жазасыз калтыргандыктан, жагдай курч болуп келет.

Индиядагы Жахабанын Күбөлөрү дин тутуу эркиндигин коргош үчүн бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, сотторго кайрылууда. Жахабанын Күбөлөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башка жарандар «Бижонун ишине» байланыштуу Жогорку соттун чечимине карманарына үмүттөнүүдө. Ал чечимде: «Биздин салтыбыз толеранттуулукка үйрөтөт; философиябыз толеранттуулукка үндөйт; конституциябыз толеранттуулукка чакырат; келгиле, анын баркын төмөндөтпөйлү»,— деп жазылган. Жахабанын Күбөлөрү алардын иш-аракети диний толеранттуулукка салым кошоруна жана сүрмө топтордун кол салышын токтоторуна үмүт артууда.