Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 6-НОЯБРЬ
ИСПАНИЯ

Испаниянын чыгышын суу каптап, көп жерлерди бүлгүнгө учуратты

Испаниянын чыгышын суу каптап, көп жерлерди бүлгүнгө учуратты

2019-жылдын сентябрь, октябрь айларында Испаниянын чыгыш тарабында бир канча жолу жаан нөшөрлөп жаап, көп жерлердин таш-талканын чыгарган. Айрыкча, 23-октябрда Франколи дарыясы жээгинен чыгып кеткендиктен, Таррагона провинциясы чоң бүлгүнгө учураган. Өкүнүчтүүсү, бул кырсыктан 5 киши набыт болгон. Алардын арасында эки ишенимдешибиз да бар. Алар жыйналыштан үйүнө баратканда, күтүлбөгөн жерден көпүрөнү суу каптап, машинесин агызып кеткен.

Жергиликтүү аксакалдар ал бир туугандарыбыз кызмат кылган жыйналыштагы күйүт тартып жаткан ишенимдештерине кайрат айтып, жубатып жатышат. Андан тышкары, Испаниядагы филиалдын комитетинин мүчөсү ошол жыйналыштагыларды сооротуш үчүн ал жакка барып, сөз сүйлөгөн.

Биз ушундай оор учурда Жахабанын бир туугандарыбызды сооротуп-жубата беришин сурап тиленип турабыз (2 Корунттуктар 1:3, 4).