Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн Испаниядагы филиалынын өкүлү Джоан Комас (солдо) жана Президентке караштуу министрликтин өкүлү Феликс Боланос мырза (оңдо)

24-МАЙ, 2023
ИСПАНИЯ

Испаниянын өкмөтү тарыхый чечим чыгарып, Жахабанын Күбөлөрүн салыктан бошотту

Испаниянын өкмөтү тарыхый чечим чыгарып, Жахабанын Күбөлөрүн салыктан бошотту

2023-жылдын 26-апрелинде Испаниянын өкмөтү салык мыйзамын өзгөрткөнгө макулдугун берди. Бул чечим Испаниядагы Жахабанын Күбөлөрүнө көп жактан таасир этет.

Өкмөттүн чечимине ылайык, уюмубуз өлкө боюнча Жахабага сыйынууда колдонгон имараттар үчүн салык төлөбөйт. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тартуу кылам деген Испаниянын жарандары салыктык эсептен чыгаруу жеңилдиктерин колдоно алышат. Андан тышкары, бул өзгөртүү Адам укуктары боюнча Европа соту белгилегендей, Жахабанын Күбөлөрү көптөргө таанымал дин экенин көрсөтүп турат.

Өлкөдөгү Депутаттар палатасы чогулган имарат (Мадрид, Испания)

Испаниядагы Жахабанын Күбөлөрү 2006-жылдын июнь айында мыйзамдуу түрдө катталган. Ошентсе да аларга салык төлөөгө байланыштуу өлкөдөгү башка диндерге берилген жеңилдиктер берилген эмес. Ишенимдештерибиз ушундай жеңилдиктерди беришин сурап, өкмөткө кайра-кайра кайрылып келген. 2023-жылдын 24-апрелинде күтүлбөгөн окуя болгон. Президентке караштуу министрлик Испаниядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлдөрүн жолугушууга чакырган. Ал жолугушууда бир туугандарыбызга коммерциялык эмес уюмдарга тиешелүү салык мыйзамы Жахабанын Күбөлөрүнө да тиешелүү кылып өзгөртүлөрү айтылган. Эки күндөн кийин, 2023-жылдын 26-апрелинде, Депутаттар палатасы аталган мыйзамдын өзгөртүлүшүнө макулдугун берген. Бул өзгөрүү 2023-жылдын июнь айында күчүнө кирет деп күтүлүүдө.

Испаниядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигинин мындан ары да корголушуна салым кошкон ушул чечим үчүн баарыбыз кубанып жатабыз (Филипиликтер 1:7).