9-АПРЕЛЬ, 2020
ИТАЛИЯ
Италиядагы ишенимдештерибиз пандемияга карабай рухий жактан бекем бойдон калууда
Италия — COVID-19 вирусунан катуу жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири. Жетектөөчү Кеңештин көзөмөлү алдында Италиядагы филиал ишенимдештерине иш жүзүндө да, рухий жактан да колдоо көрсөтүп жатат.
Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери (КБЖБК) түндүк, түштүк жана борбор Италиядагы бир туугандарга кам көрүүдө. Жергиликтүү аксакалдар жыйналыштагы жарчылар эмнеге муктаж болуп жатканын райондук көзөмөлчүлөргө дайыма билдирип турушат. Ал эми көзөмөлчүлөр ал маалыматты КБЖБКга жөнөтүшөт.
Иш жүзүндө колдоо көрсөткөндөн тышкары, аксакалдар жарчыларга рухий иштерге катышууга да жардам берип жатышат. Виллиам Боселли пандемиядан алгачкылардан болуп зыян тарткан Милан шаарына жакын жерде райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылат. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Ишенимдештерибиздин баары үйлөрүнөн чыкпай отурушса да, бири-бири менен байланышып турушат. Ошондой эле жыйналыш жолугушууларына видео байланыш аркылуу катышып, жооптору менен бири-бирин бекемдеп жатышат. Улгайган бир туугандарыбыз да андай жолугушуулардан дем-күч алууда. Менимче, жыйналыштар бири-бирине мурдагыдан да ынагыраак болуп калышты».
Андан сырткары, көптөгөн ишенимдештерибиздин Жахабанын Күбөсү болбогон туугандары да жолугушууларды көрүп жатышат. Бир эже мындай дейт: «Жолдошум мурун жыйналышка такыр баргысы келчү эмес, бирок азыр жолугушуулар ага келди... Анан кандай болду? Жолугушуулар ага аябай жагып жатат!»
Бир туугандар кабар айтуу үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп жатышат. Мисалы, бир эже улгайган ишенимдешине майыптар коляскасын жеткиргени баратканда, жолдон аны үч полиция кызматкери тоскон. Ишенимдешибиз бир апага жардам бергени баратканын айтып, аларга жол жүрүүгө уруксаат кагазын көрсөткөн. Анан ар бирине «Келечегибиз кандай болот деп ойлойсуз?» жана «Азап-кайгыдан арылабызбы?» деген баракчаларды сунуштаган. Полиция кызматкерлери ал баракчаларды алышкан. Ишенимдешибиз майыптар коляскасын калтырып келатканда, полиция кызматкерлери аны кайра тосушкан. Бул жолкусунда алар бир тууганыбызга ыраазычылык билдирип, Ыйык Китепте жазылган келечектеги жашоо тууралуу көбүрөөк айтып беришин суранышкан. Анан чогуу сүйлөшүш үчүн дагы эки полиция кызматкерин чакырышкан. Ишенимдешибиз аларга jw.org сайтын көрсөтүп, кабар айтканына кубанган. Полиция кызматкеринин бири эжеге мындай деген: «Сизге чоң рахмат, бүгүн бизге жакшы маанай тартууладыңыз!»
Виллиам бир тууган мындай деп кошумчалайт: «Менин милдетим башкаларды кубаттап-бекемдөө болсо да, бир туугандардын рухий жактан бекем болуп, Жахабага кызмат кылууга чечкиндүү экенин көргөндө, өзүм да дем-күч алып жатам. Алардын Жахабага болгон күчтүү сүйүүсүн көрүп, көзүмө жаш алам. Алар — Жахабанын баа жеткис белеги!»
Оор жагдайга карабай, ишенимдештерибиз «олку-солку болбой», рухий жактан күчтүү бойдон калууда (1 Тесалоникалыктар 3:2, 3).