Мазмунун көрсөтүү

Болоньядагы турак жай катары кызмат кыла турган жаңы имараттардын бири. Ичинде 41 бөлмө бар. Ал жакка 2020-жылы, 5-сентябрда көчүп бара башташкан

16-НОЯБРЬ, 2020
ИТАЛИЯ

Италиядагы филиалды көчүрүү тоскоолдуктарга карабай уланууда

Италиядагы филиалды көчүрүү тоскоолдуктарга карабай уланууда

Каржы каатчылыгы, пандемия күч алып жатса да, Италиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалын Болонья шаарына көчүрүү боюнча иштер улантылып жатат. 2020-жылдын 5-сентябрында турак жай катары кызмат кыла турган биринчи имарат курулуп бүткөн. Жаңы филиал толугу менен 2023-жылдын аягында курулуп бүтөт деп пландаштырылууда.

Жаңы филиалды куруу иштерин Курулуш долбоор комитетинде (КДК) кызмат кылган беш ишенимдешибиз көзөмөлдөп жатат. Турак жай имаратын долбоорлоого жана курууга башка фирма жалданган. Алар долбоордун үстүнөн 2018-жылы, сентябрда иштей баштаган.

2019-жылы каржы каатчылыгы көптөгөн жергиликтүү компанияларга катуу сокку урган. Анын кесепетинде жалданган фирма да жумушун токтотуп, айрым иштерин кайра уюштурганга аргасыз болгон. Бактыга жараша, имараттын көп бөлүгү курулуп бүтүп калган болчу. Ошон үчүн жумуш өтө көп убакытка токтоп калган жок.

Имараттагы бөлмө

2020-жылдын башында Италиянын түндүгүн, анын ичинде Болоньяны COVID-19 оорусу каптаган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шаардагы көптөгөн иш-чараларга, ошондой эле курулуш иштерине чектөө коюшкан. Бирок бир айдан кийин айрым чектөөлөр алынып, жумуш улантылган. Жумуш учурунда COVID-19 илдетине байланыштуу Саламаттык сактоо уюму жана биздин уюм тарабынан берилген көрсөтмөлөргө ылайык, сактык чаралары көрүлгөн.

КДКнын мүчөсү Паоло Компарато мындай деп ой бөлүшкөн: «Имараттын курулуп бүтүп калганы үчүн Жахабага миң мертебе ыраазы болуп жатабыз. Анын ыйык руху болбосо, кездешкен тоскоолдуктардын баарынан өз күчүбүз менен өтө алмак эмеспиз».

Курулуштун милдетин алган фирманын төрайымы Кристина Даллакаса мындай дейт: «Жахабанын Күбөлөрүнүн өздөрүнүн Италиядагы эң маанилүү имараттарынын бирин куруш үчүн бизди тандап алганына абдан ыраазыбыз. Биз чогуу бир команда катары жакшы кызматташтык. Курулуш учурунда пайда болгон кыйынчылыктарды чогуу жеңип жаттык. Жахабанын Күбөлөрү долбоорлоруна, өзгөчө кишилер иштеген жердин коопсуз болушуна аябай чоң маани беришет экен. Баарынан да ушундай чынчыл, ишеничтүү адамдар менен иштешкениме сүйүндүм. Адамдардын пейили бузулган, каржы каатчылыгы күч алып бараткан азыркы заманда ушундай адамдардын бар экенин билүү көңүлүмдү жубатты».

Жахабанын бул курулуш долбооруна мындан ары да колдоо көрсөтөрүнө бекем ишенебиз. Ошонун аркасында Жахабанын ысымы даңктала берери күмөнсүз (Забур 127:1).