Мазмунун көрсөтүү

Болоньяда оңдолуп-түзөлүп жаткан тогуз кабаттуу имарат

23-ОКТЯБРЬ, 2019
ИТАЛИЯ

Италияда жаңы филиал курулуп жатат

Италияда жаңы филиал курулуп жатат

Имоладагы котормо бөлүмү жайгашкан имарат

Италиянын борбор калаасы Римде жайгашкан филиал Болонья менен Имола шаарларына көчүрүлгөнү жатат. Болонья Римден түндүк жакты көздөй 370 чакырым алыстыкта жайгашса, Имола Болоньядан 50 чакырымдай ары орун алган. Учурда Болоньяда кеңселер жайгаша турган тогуз кабаттуу имаратты оңдоп-түзөө боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми Имолада оңдолгон имаратта 2018-жылдан тартып котормо иши жана башка иштер менен алектенген 60тан ашуун бейтелдик кызмат кылып жатат.

Болоньядагы кеңселер имаратынан бир жарым чакырым алыстыкта бейтелдиктер жашай турган жети кабаттуу үй курулуп жатат. Жер астындагы үч кабатын унаа токтоочу жай ээлейт. Ошол эле аймакка кошумча турак жайлар курулат.

Учурда курулуп жаткан жети кабаттуу үйдүн үлгүсү

1948-жылы Жахабанын Күбөлөрү Рим шаарынан ылайыктуу жер тилкесин сатып алгандан кийин Миландагы филиалды ошол жакка көчүрүшкөн. Андан бери Италиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны кыйла өстү. 1940-жылдары алардын саны 200гө да жетчү эмес. Азыр болсо 250 000ден ашты. Европадагы башка бир да филиалга караштуу аймакта Жахабанын Күбөлөрүнүн саны мынчалык көп эмес. Жарчылардын саны менен бирге бейтелдиктердин да саны өскөн. Ошондуктан 2006-жылы филиал колдонгон имараттардын жогорку саны 99га жеткен. Болоньяга көчкөндө бейтелдиктердин саны кыскарат жана жаңы филиал беш эле имараттан турат.

Италиядагы «эгин оргонго даяр болуп» калгандыктан, жаңы филиалдын курулушу абдан орундуу болуп жатат. Жахаба Кудайыбыздан бул долбоордун ийгиликтүү аякташын сурап тиленебиз (Жакан 4:35).