Мазмунун көрсөтүү

26-МАЙ, 2020
ИТАЛИЯ

Италияда тез жардам бөлүмүндө иштеген доктур менен курулган маек

Италияда тез жардам бөлүмүндө иштеген доктур менен курулган маек

Жулла бир тууган жубайы жана кызы менен

Италиянын Комо шаарынын жанындагы Эрбадагы ооруканада тез жардам бөлүмүндө доктур болуп иштеген Жандоменико Жулла COVID-19 илдетине чалдыккандарга жардам көрсөтүүдө ар кыл кыйынчылыктарга туш болот. Анткен менен Ыйык Китепте жазылгандарга бекем ишенгендиктен ал жан-дүйнө бейкуттугун сактап, башкаларды эң сонун сооротуп келет (2 Корунттуктар 1:4). Муну жалпыга маалымат берүү үстөлүндө кызмат кылгандар менен Италиядагы филиалда куруп берген маеги айкындап турат.

Назарыңызда Жулла бир тууганыбыз менен суроо-жооп иретинде жүргүзүлгөн маектин текст болуп терилген варианты.

Пандемия басыла элек азыркы учурда кандай жагдайларга кабылып келесиз?

— Мен иштеген клиникадагы жагдай күтүүсүздөн өзгөрдү, цунами каптагандай эле болду. Оорукана астынкы кабатынан үстүнкү кабатына чейин COVID-19 оорусуна чалдыккандарды кабыл алгыдай болуп ылайыкташтырылды. Кейиштүүсү, обочолонууга мажбур болгон бейтаптар тууган-уругу, достору менен жолуга албайт. Мен аларга ооруп калган жакындарынын акыбалы тууралуу телефон аркылуу билдирип турам. Бир жолу түн жарымда бир кишиге чалып, апасынын үзүлүп баратканын айтууга туура келди. Аны менен видео аркылуу байланыштым. Ал эч нерсе сезбей, комада жаткан апасын акыркы жолу көрүп калганга үлгүрдү. Мындайда жүрөгүң мыкчылбай койбойт экен.

Ыйык Китептен билгендериңиз сизди кандайча сооротот?

— Ыйык Китепти изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпоо мага эмне кылышты билбей калган, мүңкүрөп калган кесиптештеримди көргөндө оор басырыктуу болгонго, жан-дүйнө бейкуттугун жоготпогонго жардам берерин байкадым. Жахабанын бизди ушул оор мезгилге алдын ала даярдап келгенин мурункудан да айкын түшүндүм. Бул мага, пандемия Ыйык Китепте айтылган пайгамбарлыктардын аткарылып жатканынын бир эле далили экенин унутпаганга, туура көз карашты сактаганга жардам берет. Ишенимим кыйла бекемделди десем болот.

Жахаба берген билим сизге башкаларды сооротконго кандайча жардам берет?

— Кудайдын ыйык рухунун күчүн өзгөчө сезип келем. Ал мага бардыгын чогуу алып кеткенге: үй-бүлөмө кам көргөнгө, жумушумду аткарганга, ошондой эле илдеттин айынан жапа чеккен ишенимдештериме жөлөк-таяк болгонго жардам берет.

Ушундай оор мезгилде үй-бүлөңүзгө тирөөч болгонго Жахабанын кантип жардам берип жатканын айтып бересизби?

— Мурдагыга караганда көбүрөөк иштегенге туура келсе да, үй-бүлөмө убакыт бөлүш үчүн, сыйынуубузга байланышкан иштерди үзгүлтүккө учуратпаш үчүн бүт күчүмдү жумшайм. Бул жубайыма да кайрат-күч берерин байкадым. Бири-бирибизге ого бетер ынак болуп калдык. Үй-бүлө менен сыйынууну өткөргөндө үч жашаар кызым Жиневраны эркелетип, сооротом. Ал да бир нерсе болуп жатканын сезип, мени жумушка коё бергиси келбейт. Эмне үчүн экенин мындай деп түшүндүрөт: «Атам жумушка барбай эле койсунчу, ал жакта коронавирус бар экен» же «Атам кайра келбей койсочу?!». Андайда ага телеберүүбүзгө чыккан ырларды коюп берем, анан ал баарын унутуп жылмая баштайт.

Кесиптештериңизди соороткон учурларыңыз болдубу?

— Жакында бир кесиптешим Ыйык Китепти изилдей баштады. Аны менен бир нече жыл мурун мурунку жумушуман жолугуп, Ыйык Китепте айтылгандар жөнүндө сүйлөшкөн болчубуз. Пандемиянын алдында Ыйык Жазманы изилдегиси келерин айткандыктан изилдөө баштаганбыз. Азыр видео байланыш аркылуу жумасына эки жолудай изилдейбиз. Өткөндө мындай деди: «Ыйык Китепти окуганым мага жашоомду иретке келтиргенге жардам берди. Мурдагыдай тынчсызданбай калдым. Адамдын кантип жаралганы, азыркы дүйнөдөгү абал жөнүндөгү көп суроолорума жооп алып жатам. Улам өрчүп келаткан ишеним мага ашыкча кабатыр болбогонго, келечекке үмүт менен караганга жардам берет». Муну укканда аябай кубандым.

COVID-19 илдетине чалдыккан Сгрева Даниэла. Жулла бир туугандын жардамы менен азыр сакайды

Жыйналыштагы бир туугандарды кантип кубаттап жатканыңызды айтып бербейсизби.

— Тилекке каршы, жыйналышымдагы Сгрева Даниэла деген ишенимдешибиз COVID-19 илдетин жуктуруп алгандыктан ооруканага алып келиш керек болду. Мен тез жардам көрсөтүүдө колдонулчу унаасы бар эки бир тууган менен байланышып, Даниэланы ооруканага кантип алып келишти сүйлөштүк. 50 километрден ашуун жол жүрүп аны алып кеткени келген ал бир туугандарды көргөндө Даниэланын канчалык сүйүнгөнүн элестеткиле. Ооруканадан тосуп алганыбызда жолдон кабатырланып келген Даниэланын бир аз болсо да, жаны жай алып калды. Мен да, аны алып келген бир туугандар да доктур болгондуктан, ал ишенимдешибиз өзүн өзгөчө сүйүүгө бөлөнгөндөй сезди. Башка бир туугандардын да кам кордугун, жардамын көрүп аябай бекемделди. Жүрөгү ыраазычылыкка толгон Даниэла: «Жахабанын бизди түшүнөрүн мурун деле билчүмүн, бирок мунусунда ал мен күткөндөн да көптү кылып берди»,— деп бөлүшөт.

Мен барган сайын көбүрөөк Жахабага, анын ыйык рухуна таянганга үйрөнүп келем. Күнүгө машина менен жумушка баратканымда же үйгө кайтып келатканымда телеберүүбүзгө чыккан ырларды угам. Анан рухий жактан кадимкидей сергип, күч алып калам. Жахабага жардам берип жатканы үчүн ыраазычылык билдирем. «Жахаба дайым жанымда» деген ырды укканда болсо, ичимен: «Жахаба дайым жанымда. Мени туура жолго салат, жардам берет, колдогонуна эч нерсе тең келбейт»,— деп кайталайм.