Мазмунун көрсөтүү

Италиянын Жогорку Кассациялык соту жайгашкан Адилет үйү, Рим

2019-ЖЫЛ, 1-ОКТЯБРЬ
ИТАЛИЯ

Италиянын Жогорку соту балага диний тарбия берүүдө ата-эненин бирдей укукка ээ экенин тастыктады

Италиянын Жогорку соту балага диний тарбия берүүдө ата-эненин бирдей укукка ээ экенин тастыктады

2019-жылдын 30-августунда Римдеги Жогорку Кассациялык сотунда балага кам көрүүгө жана ата-эненин укуктарына байланыштуу маанилүү чечим чыгарылды. Италиянын эң жогорку сотунун ал чечими Жахабанын Күбөсү болгон эненин жашы жете элек баласына өзү карманган диний окууларды үйрөтүүгө болгон укугун коргоду.

Үй-бүлөсүнөн бөлөк жашаган Жахабанын Күбөсү болбогон атасы бала атасынын туткан динине жараша гана тарбияланышы керек деп эсептеген. Төмөнкү баскычтагы эки сот баланы башка диндин окууларына жараша тарбиялоо «анын башын маң кылат» деп айтып, атасынын пайдасына чечим чыгарган. Ушул чечимдерден улам апасы, укуктуу болсо да, уулуна өзүнүн диний ишенимин үйрөтө албай калган. Бирок Жогорку сот төмөнкү баскычтагы соттордун чечимин жокко чыгарып, жашы жете элек бала «атасы менен да, энеси менен да бирдей мамиледе» болууга укуктуу экенин жарыялаган. Мындан тышкары, сот бардык диндердин «мыйзам алдында тең укуктуу экенин» баса белгилеп, төмөнкү баскычтагы соттордун Жахабанын Күбөлөрүнө карата «бейкалыстык» кылышканын айтып, айыптаган. Чечимде ата-эне балдарына кандай диний билим берүү туура болоруна карата кайчы пикирде болуп жатканда, соттун кайсы динди тутуу керектигин чечүүгө укугу жок экени да баса көрсөтүлгөн.

Биз сот майданындагы бул жеңиштин Италиядагы балага кам көрүүгө байланышкан башка иштерге да таасирин тийгизерине үмүттөнөбүз. Ошондой эле балдарын «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялоого» умтулуп жаткан ата-энелерге да чоң пайда алып келеринен шектенбейбиз (Эфестиктер 6:4).