24-МАЙ, 2023
ИТАЛИЯ
Италиянын түндүгүн сел алды
Чакалап төккөн жаан селге айланып, Италиянын түндүгүндөгү Эмилия-Романья аймагын бүлгүнгө учуратты. 2023-жылдын 15-майында башталган жаандын суусу улам көтөрүлүп отуруп, экин күнгө жетпей эле, 50 сантиметрге чейин жеткен. Селдин айынан 40тан ашуун шаар зыянга учурап, 14 киши каза тапканы катталган. Миңдегендер башка жакка көчүрүлгөн.
Ишенимдештерибизге тийгизген таасири
Ишенимдештерибиздин арасында жаракат алгандар же каза болгондор жок
342 жарчы үй-бүлөлөрү менен чогуу башка жакка көчүрүлгөн
167 үйдү суу каптап калган. Алардын 72си чоң бүлгүнгө учураган
1 Падышалык залы бир топ эле зыян тарткан
3 Падышалык залы бир аз зыянга учураган
Жардам берүү иштери
Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар ишенимдештерибизди кайраттандырып, кубаттап-бекемдешти. Ал боордошторубуз азыр ушуга өзгөчө зар болуп турушат. Ошондой эле жапа чеккендерге дагы башка зарыл жардамды берип жатышат
Ишти көзөмөлдөгөнгө Кырсык болгондо жардам берүү комитети түзүлдү
Баарыбыз тең табигый кырсыктардан жабыр тартпай турган күндү күн санап күтүп келебиз. Анткени ал кезде «Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот» (Аян 21:3, 4).