Мазмунун көрсөтүү

Римдеги апелляциялык сот

7-ФЕВРАЛЬ, 2020
ИТАЛИЯ

Рим соту балдарына кан куйдуруудан баш тарткан ата-энелердин укугун коргоду

Рим соту балдарына кан куйдуруудан баш тарткан ата-энелердин укугун коргоду

2019-жылдын 17-декабрында Римдин апелляциялык соту жашы жете элек балдардын соту чыгарган чечимди жокко чыгарды. Балдар соту бир ишенимдешибизди уулуна кан куйдуруудан баш тартканы үчүн ата-энелик укугунан ажыраткан болчу. Бирок апелляциялык сот ал ишенимдешибиздин камкорчулук укугун (балага кам көрүү укугун) коргогондон тышкары, аны актаган. Бул чечим кийин ушундай жагдайга туш болгон ата-энелерди коргой алат. Балдары үчүн кансыз дарылоону тандаган ата-энелер эми камкорчулук укугунан ажыратылбайт.

Сот иши ишенимдешибиз 10 жаштагы уулу менен жол кырсыгына кабылгандан кийин башталган. Бала жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Үч күндөн кийин доктурлар балага операция жасамакчы болушкан. Баланын энеси операцияга жана алар сунуштаган дарылоо ыкмаларына макул болгон, бирок кан куйдурууга каршы экенин түшүндүргөн. Операция шашылыш эмес болчу. Бирок доктурлар кат түрүндө айыптоочуга кайрылып, ишенимдешибиздин диний ишениминен улам чыгарган чечими баласынын саламаттыгына зыян алып келерин билдиришкен. Ал эми айыптоочу аны уулунун жыргалчылыгын көздөбөй жатат деп күнөөлөп, балдар сотунан аны ата-энелик укугунан ажыратышын суранган. Балдар соту, ошондой чечим чыгарууга укуктуу эмес болсо да, айыптоочунун өтүнүчүн орундаткан. Ошол себептен ишенимдешибиз апелляциялык сотко кайрылган.

Апелляциялык сот ишенимдешибиздин абдан камкор, жакшы эне экенин айткан. Ошондой эле анын «диний көз карашынын негизинде кан куйдуруудан баш тартса эле энелик милдетин аткарууга жараксыз деп айтууга болбой турганын» түшүндүргөн. Ал сот ишенимдешибизди кайрадан ата-энелик укукка ээ кылган. Андан сырткары, ага ушундай айып тагуу мыйзамды бузууга жатарын ырастаган.

Кассациялык жогорку соттун мурунку кеңешчиси жана Бари университетинин чиркөө укуктары боюнча профессору Никола Колаяни мындай деген: «Мен апелляциялык соттун бул чечимин толугу менен колдойм. Балдар сотунун чыгарган чечимине абдан капа болдум. Бул көптөрдүн, өзгөчө, Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу укугунун дагы деле тебеленип жатканын көрсөтүп турат».

Италиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалындагы жалпыга маалымат берүү бөлүмүндө кызмат кылган Кристиан Ди Бласио бул туурасында мындай деп айткан: «Бейкалыс пикирден улам чыгарылган чечимди жокко чыгарганы үчүн Римдеги апелляциялык сотко терең ыраазычылык билдиребиз. Негизи, Жахабанын Күбөлөрү балдарынын жыргалчылыгына абдан кызыкдар жана жакшы дарылаган, ошол эле учурда алардын Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирин эске алган көптөгөн доктурларга аябай ыраазы».

Апелляциялык соттун чечими ата-энелердин балдарынын саламаттыгына байланышкан чечимдерди чыгарууга укугу бар экенин дагы бир ирет тастыктады. Сотто ушундай жеңишке жеткенибиз үчүн Жахаба Кудайыбызга миң мертебе ыраазыбыз. Ал жеңиштин аркасында ишенимдештерибиз эми Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирине ылайык дарылануу ыкмаларын тандай алышат (Забур 37:28).