Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 2-ДЕКАБРЬ
ИТАЛИЯ

Италия өкмөтү түрмөдөн Падышалык залы үчүн бөлмө бөлүп берди

Италия өкмөтү түрмөдөн Падышалык залы үчүн бөлмө бөлүп берди

РИМ. Миландан түндүктү көздөй 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Боллате шаарында түрмө бар. Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-чаралары коомго жакшы таасир этерин түшүнгөндүктөн түрмөнүн администрациясы аларга Падышалык залы (сыйынуу жайы) катары колдонууга түрмөдөн чоң бөлмө бөлүп берди.

Түрмөнүн деректири Массимо Париси Боллате түрмөсүнүн соттолгондорго жакшы жакка өзгөрүлүүгө жардам берүү максатында курулганын айткан. Ал мындай дейт: «Биздин максаттарыбыздын бири — абактагыларга оң маанай сактоого жардам берип, кайрадан үмүтүн жандандыруу. Муну ишке ашырыш үчүн көптөгөн ыкмаларды колдонобуз. Соттолгондорго Кудай жөнүндө билим берүүнү, башка ыкмалардай эле, абдан натыйжалуу ыкма деп эсептейбиз». Акыркы 13-жыл бою Жахабанын Күбөлөрү түрмөнүн администрациясынын уруксаты менен түрмөдөгүлөргө Ыйык Китептин негизинде билим берип келишкен. Массимо Париси мунун кандай натыйжа берип жатканы жөнүндө мындай деп ой бөлүшөт: «Биз Жахабанын Күбөлөрү менен бир топ жылдан бери кызматташып келатабыз. Алар билим берип жаткан кишилердин айрымдары жакшы жакка өзгөрүүдө... Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү түрмөдөгүлөргө дагы көбүрөөк жардам бере алышы үчүн, аларга чоң бөлмөнү бөлүп берүүнү туура көрдүк». Акыркы бир нече айдын ичинде Жахабанын Күбөлөрү уюштурган жолугушууларга эки жолу 100дөн ашык киши катышты.

Боллате түрмөсү

Италиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Кристиан Ди Бласио мындай дейт: «Боллате түрмөсүнүн администрациясына биздин башкаларга жардам берүүгө багытталган иш-чараларыбызды колдоп, түрмөнүн ичинен жолугушууларды өткөрүүгө ылайыктуу жер бөлүп бергенине абдан ыраазыбыз. Мындан ары да алар менен тыгыз кызматташып, түрмөдө жаткандарга рухий муктаждыктарына жараша Ыйык Китептин негизинде билим берүүнү уланта бергибиз келет».

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-718-560-5000

Италия: Кристиан Ди Бласио, 39-06-872941