Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 1-НОЯБРЬ
ИТАЛИЯ

Италиянын борбор жагында бир нече жолу жер титиреди

Италиянын борбор жагында бир нече жолу жер титиреди

2016-жылдын 30-октябрында эртең менен Италиянын борбор жагында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Италияда 1980-жылдан мындай чоң жер титирөө бери болгон эмес. Бери дегенде, 20 киши жаракат алды, бактыга жараша, эч ким каза тапкан жок.

Норча шаарынан анча алыс эмес жер бул жер титирөөнүн очогу болду. Андан бир нече күн мурун эле ошол аймакта эки жер титирөө болгон. 2016 жылдын 26-октябрында кечинде күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал эми эки сааттан кийин эле жер кайра силкинип, күчү 6,1 баллга жеткен.

Бул эки жер титирөө болгон жер 24-августта 300дөй кишинин өмүрүн алып кеткен жер титирөө болгон жерден анча алыс эмес жайгашкан.

Италиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалынын билдирүүсүнө ылайык, бир да Жахабанын Күбөсү өлгөн жок жана оор жаракат алган жок. Бирок 26-октябрдагы жер титирөөдө эки үй-бүлө үйсүз калып, көптөрүнүн үйлөрү талкаланып калган. Жергиликтүү аксакалдар зарыл нерселер менен камсыз кылып, талкаланган үйлөрүн оңдоо үчүн жабыр тарткан аймактагы Жахабанын Күбөлөрү менен байланышып, жардам берип жатышат. Алар, айрыкча, августтагы жер титирөөдөн жабыр тартып, ушу убакка чейин кыйналып жаткандарга көңүл буруп жатышат. Жабыр тарткан башка кишилердей эле, Жахабанын Күбөлөрү үйлөрүндө түнөө кооптуу экенин билгендиктен унааларында, чатырларда же Жахабанын Күбөлөрү сыйынуу үчүн колдонгон Падышалык залдарында түнөп жатышат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектейт. Италияда 251 000ден көп Жахабанын Күбөсү бар.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-718-560-5000

Италия: Кристиан Ди Бласио, 39-06-872941