Мазмунун көрсөтүү

Кассациялык Жогорку сот жайгашкан Римдеги Адилет үйү

18-ИЮЛЬ, 2019
ИТАЛИЯ

Италиянын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн дарылоо ыкмаларын тандоо укугун коргоду

Италиянын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн дарылоо ыкмаларын тандоо укугун коргоду

2019-жылдын 15-майында Италиянын Кассациялык Жогорку соту, өлкөдөгү эң жогорку сот, ишенимдештерибиздин дарыланууга байланыштуу чечим чыгаруу укугун коргогон. Сот бейтаптын кан куюудан баш тартууга байланыштуу чечимин коргой турган өкүл дайындоого укуктуу экенин тастыктаган. Андан тышкары, Сот, атүгүл бейтап ден соолугунан улам эс-учун жоготуп коюшу же абалы оорлоп кетиши мүмкүн болгон учурларда да, Италиянын мыйзамынын өкүл дайындоого укук берерин баса белгилеген.

Лука менен Франческо Каппели бир туугандар

Бул чечим жыйналыштын аксакалы болуп кызмат кылган Лука Каппели бир туугандын бир катар сот иштеринин натыйжасында чыгарылган. Ал 25 жылдан бери мээсиндеги кан тамырлардын паталогиясынан кыйналып келет. Ошондуктан Лука бир тууган бир топко чейин дарыланышы керек. Анын атүгүл сүйлөй албай калган учурлары болот. Андыктан ал дарыланууга киришерден мурун «Эрк билдирүү» документин толтуруп, жубайы Франческону өзүнүн өкүлү кылып дайындаган. Анткен менен Апелляциялык сот Лука бир туугандын өзүнүн аялын өкүлү кылып дайындоого байланыштуу чечимин четке каккан. Ошентип, сот анын кан куюудан баш тартууга жол берген мыйзамдуу чараны колдонушуна тыюу салган.

Лука бир туугандын иши 2017-жылдын 16-февралында Кассациялык Жогорку сотто каралган. Жогорку сот төмөнкү баскычтагы соттордун чечими бейтаптын чечим чыгаруу укугун коргогон Италиянын Конституциясына жана Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына каршы келерин айткан. Соттун: «Эгер бейтап дарылоонун кайсы бир ыкмасынан диний ишениминен улам баш тартып жатса, анда анын укугу ого бетер сыйланып, ого бетер корголушу керек»,— деген ырастоосу көңүлгө аларлык. Жогорку соттун бул чечиминен улам Италиядагы бардык соттордон эми мындан ары Жахабанын Күбөлөрүнүн кан куюудан баш тартууга болгон укугун көбүрөөк сыйлоо талап кылынат.

Дүйнө жүзүндөгү бардык Жахабанын Күбөлөрү Жогорку соттун бүтүндөй Италиядагы Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирине ылайык иш кылып жаткан ишенимдештерибиздин укугун коргогонуна абдан сүйүнүп жатышат (Элч 15:29).