Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 21-ОКТЯБРЬ
ИТАЛИЯ

Италиядагы Жахабанын Күбөлөрү жер титирөөдөн жабыр тарткандарды өнөктүк учурунда жубатышты

Италиядагы Жахабанын Күбөлөрү жер титирөөдөн жабыр тарткандарды өнөктүк учурунда жубатышты

РИМ. 2016-жылдын сентябрь айында Жахабанын Күбөлөрү соороторлук кабар камтылган «Күзөт мунарасы» журналынын «Бизди ким чындап жубата алат?» деп аталган санын таратышты. Журналдын бул саны дүйнө жүзү боюнча өткөрүлгөн өнөктүктө таратылды. Жахабанын Күбөлөрү 2016-жылы 24-августта Борбордук Италиянын Лацио, Марке жана Умбрия деген аймактарынын таш талканын чыгарган 6,2 баллга жеткен жер титирөөдөн жабыр тарткандарга Ыйык Китептеги үмүт берерлик кабарды жеткирүүгө бүт күчүн жумшашты. Жер титирөөдө дээрлик 300дөй киши каза таап, 2 000ден ашуун киши үй-жайсыз калган.

Италиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Кристиан Ди Бласио мындай дейт: «Дүйнө жүзү боюнча өткөрүлгөн бул өнөктүк дүйнөнүн чар тарабында жашаган, башынан ар кандай кыйынчылыктарды кечирип жаткан адамдарды жубатуу үчүн уюштурулган. Ал эми Италияда жер титирөөдөн жабыр тарткандарды, аларга жардам көрсөткөндөрдү кубаттап-бекемдөөгө өзгөчө басым жасадык».

Жахабанын Күбөлөрү жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан Аматриче шаарындагы тургундар менен сүйлөшүп жатышат

Табигый кысык болгон жерде Жахабанын Күбөлөрүнүн 15 жыйналышы болсо да, бактыга жараша, эч ким каза болгон жок, жаракат алгандар да болгон жок. Анткен менен үч Жахабанын Күбөсүнүн үйү талкаланып, айрымдарыныкы анча-мынча бузулуп калган. Ди Бласио мырза үйү бузулуп, талкаланып калган Жахабанын Күбөлөрүнүн да кошуна-колоңдорун жубатып-бекемдеп, журнал сунушташканын баса белгиледи. Мындан тышкары, бир нече жыл мурун болгон чоң жер титирөөдөн аман калган Жахабанын Күбөлөрү да жабыр тарткандар менен сүйлөшүп, өз ыктыяры менен жардам көрсөтүшкөн. Ди Бласио мырза: «Ал ыктыярдуу жардамчылар Ыйык Китептеги кабардын алардын жан дүйнөсүн тынчтандырганын, оң маанай сактаганга жардам бергенин айтышты. Ошон үчүн алар учурдагы жер титирөөдөн жапа чеккендерди жубатып-бекемдөөгө бүт күчүн жумшашты»,— деп кошумчалады.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-718-560-5000

Италия: Кристиан Ди Бласио, 39-06-872941