2018-ЖЫЛ, 23-МАЙ
ИТАЛИЯ
Падуя университетинде кансыз дарылоо ыкмасынын жетишкендиктери талкууланган өзгөчө конференция өттү
РИМ. 2017-жылдын 24-ноябрында, жума күнү, Италиядагы байыркы университеттердин бири деп эсептелген Падуя университетинде медицина кызматкерлери, биоэтика боюнча адистер жана юристтер катышкан «Кан куйдуруудан баш тарткандарды кантип дарыласа болот? Канды сактоо (2017)» деген темадагы конференция болуп өттү. Конференция Италиянын 25тен ашык илимий коому менен бирикмелеринин, ошондой эле Cаламаттык сактоо министрлигинин демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.
Буга чейин кан куюу зыянсыз деп эсептелип, оор операция жасала тургандардын же катуу ооругандардын өмүрүн сактап кала турган жалгыз дарылоо ыкмасы катары саналып келген. Бирок конференцияда чыгып сүйлөгөндөрдүн көбү бул көз карашка макул эместигин билдирди. Конференцияга катышкан адистердин бири Римдеги Европа ооруканасынын кардиоторакалдык хирургу Лука Уелтерт: «Биз бүгүнкү күндө кан куюу зыяндуу экенин жана бардык учурда эле талап кылына бербей турганын түшүндүк»,— деп айтты.
Мындай пикирди жактаган Лука Уелтерт жана башка доктурлар ооруканада топтогон тажрыйбасынын жана кан куюлган бейтаптардын арасында өлгөндөрдүн, абалы оордогондордун, дагы башка олуттуу көйгөйлөргө туш болгондордун саны өскөнүн кан куюунун кесепетинде экенин аныктаган илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында ушундай жыйынтыкка келишкен a.
«Биз бүгүнкү күндө кан куюу зыяндуу экенин жана бардык учурда эле талап кылына бербей турганын түшүндүк» (Лука Уелтерт, Римдеги Европа ооруканасынын кардиоторакалдык хирургу).
Ушу сыяктуу илимий далилдер жана кан куюунун кымбатташы 2010-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) бейтаптын канын сактоо (БКС) ыкмасынын — бейтапка жана анын саламаттыгына кам көрүү үчүн дары-дармектерди камтыган жана ага байланыштуу нерселердин баарын эске алууга аракет кылынган дарылоо ыкмасынын — зарылдыгын аныктоого түрткү берген. Жыйынтыгында бул ыкманын натыйжасы жакшы болуп, кан куюу кыйла азайган. ДСУ Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү болгон 193 өлкөнүн баарын БКС ыкмасын колдонууга үндөгөн чечим чыгарган.
Римдеги Сант-Андреа университетине караштуу оорукананын кан куюу медицинасынын башчысы профессор Стефания Вальо доктурлардын БКС ыкмасына карата көз карашы өзгөргөнүн айтты. Ал мурда доктурлар бейтаптын сакайып кетиши донордун канынан көз каранды деп эсептеп келишсе, эми «донордун канынан толугу менен баш тартып, бейтапты дарылоодо анын өзүнүн канын колдонууга басым жасап жатышканын» билдирди. Анын айтканына ылайык, БКСнын максаттарынын бири — «бейтаптын каны көп кетпеши үчүн ага абдан жакшы кам көрүп,.. канын сактап калууга бүт көңүлдү топтоо жана зарыл болгон нерселердин баарын кылуу». Ошондой эле профессор Стефания Вальо бейтаптын канын сактоо үчүн көрүлгөн медициналык чаралар, «чынында эле, жакшыраак дарылоо ыкмасы экенин» түшүндүрүп берди.
Верона университетине караштуу оорукананын башкы хирургу Томмазо Кампаньяро кан куюудан качуу үчүн колдонулган ыкмалардын пайдалуу жактарын баса белгиледи. Ал татаал абдоминалдык хирургиялык процедуралар жасалган бейтаптардын 1990-жылдардын аяк ченинен тартып чогултулуп келаткан маалыматтарын анализдегенден кийин мындай жыйынтыкка келген: «Кан куюлган бейтаптарга салыштырмалуу кан куюлбаган бейтаптардын арасында абалы оордогондордун жана өлгөндөрдүн саны азыраак болгон».
«Кан куюлган бейтаптарга салыштырмалуу кан куюлбаган бейтаптардын арасында абалы оордогондордун жана өлгөндөрдүн саны азыраак болгон» (Томмазо Кампаньяро, Верона университетине караштуу оорукананын башкы хирургу).
Томмазо Кампаньяро, конференцияда сөз сүйлөгөн башка доктурлардай эле, кан куюунун альтернативаларын табууга жардам бергени үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө эл алдында ыраазычылык билдирди. Падуя университетинин медициналык укук боюнча доценти Анна Эйприл мындай деди: «Биз кан куйдуруудан баш тартуу укугуна байланыштуу маселени көтөрүп чыккан жана ар бир адамга бул туурасында ойлонууга, канды азыраак колдонууга байланыштуу кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген Жахабанын Күбөлөрүнө ыраазычылык билдиребиз».
«Биз кан куйдуруудан баш тартуу укугуна байланыштуу маселени көтөрүп чыккан... Жахабанын Күбөлөрүнө ыраазычылык билдиребиз» (Анна Эйприл, Падуя университетинин медициналык укук боюнча доценти).
Конференцияда анестезиология, кардиология, гинекология, гематология, онкология, ортопедия сыяктуу медицинанын ар кайсы тармактарынын өкүлдөрү сөз сүйлөдү. Конференцияда медициналык институттар жана уюмдар, мыйзам чыгаруучулар жана башка коомдук ишмерлер адистердин тажрыйбасынын жана маалым болгон далилдердин негизинде БКС ыкмасын колдонууга дилгир болушу керек деген пикир басымдуулук кылды.
Хирург Лука Уелтерт мындай деп кошумчалады: «Жарылып кеткен аортага операция кылуу учурдагы хирургияда эң татаал операция... Эгер [ушул] операцияны кан куйбай жасап жатышса, анда башка органдарга кансыз операция жасоо андан бетер мүмкүн да».
a Мисалы, конференцияда жакында эле Батыш Австралияда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу кан куюуга байланыштуу беделдүү журналдардын бирине чыккан макаладан цитата келтирилди («Transfusion»). Изилдөөчүлөр саламаттык сактоо системасын жакшыртуу максатында бейтаптын канын сактоо программасын ишке киргизиш үчүн жүргүзүлгөн, алты жылга созулган жана көп киши катышкан изилдөөнүн жыйынтыгын айтып беришти. Алар жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлгөн 4 ооруканада дарыланган 605 046 бейтаптын маалыматын изилдеп чыгышкан. Изилдөө учурунда канды колдонууну 41 пайызга азайтышкан. Ошол маалда ооруканада өлгөндөрдүн саны 28 пайызга, ооруканада жатып дарылангандардын саны 15 пайызга, ооруканадан оору жуктуруп алгандардын саны 21 пайызга, инфаркт жана инсульт болгондордун саны 31 пайызга төмөндөгөн. БКС программасын ишке киргизүүнүн аркасында бейтаптар тезирээк сакайып, канды колдонуу жана ага байланыштуу чыгымдар азайган.