Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 23-ЯНВАРЬ
ИТАЛИЯ

Борбордук Италияга кар көчкү түштү

Борбордук Италияга кар көчкү түштү

2017-жылдын 18-январында, шаршембиде, Италиянын Абруццо облусунда кар көчкү түшүп, бир мейманкананы басып калган. Мейманканада 30 киши бар болчу. Өткөн жылдын августундагы катуу жер титирөө ошол аймакта болгон. Көчкүнүн түшүшүнө ошол күнү болгон кубаттуулугу 5 баллга жеткен чоң 4 жер титирөө себеп болгон. Ага чейинки жумада көп кар жаагандыктан, жапа чеккендерге жардам берүү ишин жүргүзүү кыйынга турган. Айрым шаарчаларда электр жарыгы өчүп калган жана байланышуу мүмкүн болбой калган.

Италиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы билдиргендей, бир да Жахабанын Күбөсү каза тапкан эмес, оор жаракат алгандар да болгон эмес. Ошентсе да филиал жер титирөө болгон жана кар көп түшкөн аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрү менен байланышууга бүт күчүн жумшап жатат. Жахабанын Күбөсү болгон жергиликтүү аксакалдар ал жердеги үй-бүлөлөрдү тамак-аш, суу, отун жана башка зарыл нерселер менен камсыз кылууда. Филиал ал жактагы жагдайды көзөмөлдөп, зарыл болгондо жардам көрсөтүп жатат.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Италия, Кристиан Ди Бласио: +39-06-872941