2019-ЖЫЛ, 27-ИЮНЬ
ИТАЛИЯ
Италиядагы медициналык эки чоң конференцияга катышкан доктурлар кансыз дарылоо ыкмаларына кызыгышты
Көптөгөн доктурлар биздин уюмга кансыз дарылоонун медициналык жана хирургиялык ыкмалары жөнүндө маалымат берүү максатында бүткүл дүйнөлүк тармакты түзгөнү үчүн ыраазычылык билдиришкен. Римдеги Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалынан орун алган Медициналык маалымат кызматы (Италия) ошол тармактардын бир бөлүгү болуп эсептелет. Былтыркы жылдын аяк ченинде Медициналык маалымат кызматынын өкүлдөрү жана Ооруканалар менен байланышуу комитетинин мүчөлөрү медицина жаатындагы адистердин конгресси өткөн жерге маалымат бериш үчүн атайын үстөлдөрдү коюшкан. Анестезия, анальгезия, реанимация жана интенсивдүү терапия боюнча Италия коомунун улуттук (ААРИТК) ал конгресси 2018-жылдын 10—13-октябрына чейин Сицилиянын Палермо шаарында өткөрүлгөн. Ал жолугушуу бүтөр менен, бир туугандар Римдеги «Ла Нувола» деп аталган конвенция борборунда өткөн Хирургия боюнча илимий коомдордун биргелешкен конгрессине да барышкан.
Ушундай конференцияларда медицина жаатындагы көптөгөн адистерге кансыз дарылоо ыкмаларына байланыштуу заманбап маалыматтарды берүүгө жакшы шарт түзүлөт. Палермодо өткөн конференцияга 2 800 анестезиолог катышкан. Ал эми Римде өткөн конференцияга 3 500 хирург катышкан. Ал Италия шаарында өткөн хирургиялык конференциялардын эң чоңу деп эсептелген. Ага беделдүү медициналык институттардын өкүлдөрү да барган. Мисалы, Италиядагы хирургдардын бардык ассоциацияларынын мүчөлөрү жана Хирургдардын Америка коллежинин Италиядагы филиалынын мүчөлөрү катышкан. Ал конференцияны бир нече улуттук мекеме, анын ичинде Cаламаттык сактоо министрлиги да каржылаган.
Сицилиядагы Катания ооруканасынын анестезиологу Винсенцо Скудери Палермодо өткөн конференция учурунда биздин бир туугандар койгон үстөлгө барган. Ал 2019-жылдын 18-январында аортанын катмарланып бөлүнүшүнөн жапа чеккен Жахабанын Күбөсүнө өзгөчө кырдаалдарда тез жардам көрсөтүптүр. Ошол өтө татаал процедураны бейтапка кан куйбай эле ишке ашыра алган. Скудери мырза: «ААРИТКнын 2018-жылдагы конгрессинде коюлган [үстөлдөрүңөрдөгү маалыматтар] аябай чоң жардам берди. Алар чынында эле зор пайдасын тийгизди»,— деген.
Учурда Италияда Жахабанын Күбөлөрүн кан куюуну талап кылбаган медициналык жана хирургиялык ыкмалардын коопсуз, натыйжалуу жолдору менен дарылоого макул болгон 5 000ден ашуун доктур бар. Жыл сайын Италияда орто эсеп менен 16 000 Жахабанын Күбөсү ошондой жол менен дарыланат.