Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 26-СЕНТЯБРЬ
ИТАЛИЯ

Италияда нацисттер жана фашисттер тарабынан куугунтукталган Жахабанын Күбөлөрүн эскерүү үчүн эстелик ташы жасалды

Италияда нацисттер жана фашисттер тарабынан куугунтукталган Жахабанын Күбөлөрүн эскерүү үчүн эстелик ташы жасалды

Триест шаарынан орун алган «Рисьера-ди-Сан-Сабба» концлагеринде илинген эстелик ташы. Концлагерге камалган Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмө кийимине кызгылт көгүш үч бурчтук тагылчу

2019-жылдын 10-майында бийлик өкүлдөрү, тарыхчылар, журналисттер жана башка жүздөгөн адамдар нацисттер менен фашисттер тарабынан куугунтукталган миңдеген ишенимдештерибиздин урматына жасалган эстеликтин ачылыш аземине катышышты. Ал азем Италиянын түндүк бөлүгүндөгү Триест шаарындагы мурун күрүч тегирмен болгон «Рисьера-ди-Сан-Сабба» концлагеринде өттү. Ал учурунда Италия боюнча сөөк өрттөлүүчү бөлүгү бар жалгыз концлагер болгон. Бул аземге жергиликтүү жана улуттук маалымдоо каражаттары, анын ичинде Италиянын тургундары эң көп көргөн 5-канал абдан кызыкты.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Италиядагы өкүлү Кристиан Ди Бласио аземди берилгендик туурасындагы сөз менен ачкан. Ал мындай деген: «Үчүнчү рейхте Жахабанын Күбөлөрү диний ишеними үчүн эле куугунтукталган жалгыз уюм болгон. Ошондой эле куугунтуктан качууга мүмкүнчүлүк берилген жалгыз топ болгон. Ан үчүн алар тек гана ишениминен баш тартып, нацисттик режимди колдошу керек болгон. Бирок алар ишенген нерселерине бек карманууга чечкиндүү болушкан, тагыраак айтканда, Кудайга болгон берилгендигин сактап, башкаларга сүйүү көрсөтүшкөн». Кристиан бир тууган Эмма Бауэр деген ишенимдешибиздин видеого тартылган дил маегин көрсөткөн. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда үй-бүлөсү менен чогуу кантип куугунтукталганын, кантип туруктуу бойдон калганын жана Исанын чыныгы жолдоочулары өлүмгө баш байлоого туура келсе да, ишениминен баш тартпай турганын айтып берген. Андан соң Триест шаарынын мэри Роберто Дипиадза да сөз сүйлөгөн. Ал: «Бул эстеликтин ачылышына абдан сүйүнүп жатам. Ушундай куугунтук кайрадан кайталанбашы үчүн, бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек»,— деген. Анын сөзүнөн кийин эстеликтин жабуусун расмий түрдө ачышкан.

Көптөгөн окумуштуулар жана айтылуу кишилер бул аземдин абдан зор мааниге ээ экенин айтышкан. Мисалы, Италиядагы евангелисттик чиркөөлөр федерациясынын мурунку башчысы Жоржио Бушард мындай деген: «Бир да чиркөөнүн мүчөлөрү ишеними үчүн Жахабанын Күбөлөрүнчөлүк көп өлгөн эмес... Ошентсе да куугунтук бул уюмдун мүчөлөрүн болуп көрбөгөндөй кайраттандырган. Жахабанын Күбөлөрү нацисттик режимдин идеологиясына толугу менен каршы турган жалгыз уюм экенин адамдардын алдында да, Кудайдын алдында да далилдешкен деп айта алабыз» (Дагы башка инсандардын сөздөрүн төмөндөгү кутучадан окуй аласыңар).

Эсептөөлөр боюнча, «Рисьера-ди-Сан-Сабба» концлагерине жылына 120 000 киши экскурсияга келип кетет деп күтүлүүдө. Келип кеткен ар бир киши нацисттер менен фашисттердин куугунтуктаганына карабай ишенимине бек карманган жана саясий маселелерде бейтараптуулук сактаган миңдеген Жахабанын Күбөлөрүнүн урматына илинген эстелик ташын көрүп кетет (Аян 2:10).