Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 26-ЯНВАРЬ
КАЗАКСТАН

Казакстан өкмөтү Жахабанын Күбөсүн жалган айып менен камады

Казакстан өкмөтү Жахабанын Күбөсүн жалган айып менен камады

2017-жылдын 18-январында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Теймур Ахмедовду башкаларга диний ишеними жөнүндө айтканы үчүн кармап, камап койгон. 2016-жылдын май, июнь айларында жети киши Теймур мырзаны Жахабанын Күбөлөрү окуткан нерселер жөнүндө айтып бергиле деп ижарага алынган батирге чакырган. Ошол эле жылы алар Теймур мырзанын үйүнө келип кетишкен. Ыйык Китепти изилдемиш болгон жети киши Теймур мырза менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн билгизбей камерага тартып алышкан.

Теймур Ахмедов дин туурасында тынч отуруп маектешсе да, ага «диний талаш-тартыштарды чыгарып», «бир дин башкасынан жогору турат деп ырастап жатат» деген жалган айып коюлган. Ал соттун чечимин күтүп, 60 күндөн бери абакта отурат. Эгер күнөөлүү деп табылса, 5тен 10 жылга чейинки мөөнөткө кесилип кетет.

60 жаштагы Теймур Ахмедов үй-бүлөлүү киши. Анын ден соолугу аябай начарлап кеткендиктен медициналык жардамга муктаж. Анын жактоочулары сот иши 2017-жылдын 23-январында каралат деп күтүүдө.