Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 21-ДЕКАБРЬ
КАЗАКСТАН

Казакстандын Жогорку Соту Теймур Ахмедовдун доо арызын канааттандыруудан баш тартты

Казакстандын Жогорку Соту Теймур Ахмедовдун доо арызын канааттандыруудан баш тартты

2017-жылдын 4-декабрында Казакстандын Жогорку Соту мыйзамсыз түрдө диний иштер менен алектенген деген айып менен адилетсиз түрдө камакка алынган Теймур Ахмедовдун доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Теймур Ахмедов, чынында, башкалар менен динге байланыштуу эмнелерге ишенери жөнүндө сүйлөшкөн болчу. Ал 2017-жылдын 18-январында жашыруун полиция тарабынан уюштурулган жасалма иш козголуп кармалгандан бери камакта отурат. Май айында райондук сот аны 5 жылга эркинен ажыратып, түрмөгө кесип жиберген. 2017-жылдын 20-июнунда апелляциялык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Жогорку Сот Теймур Ахмедовдун доо арызын карап жатканда БУУнун Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобунун акыркы чечиминде Казакстан өкмөтүн аны адилетсиз түрдө камакка алып, дин тутуу эркиндигин бузганы үчүн айыптап жазгандарын эске алган жок. Теймур Ахмедов ден соолугунун өтө начарлап кеткенине карабай, Кудайга толук таянып, ага болгон ишенимин бекем сактап келатат. Ал буга чейин кылынган аракеттер ийгиликсиз болсо да, анын бошотулушу үчүн колунан келгендин баарын кылгандарга абдан ыраазы. Ошондой эле анын эркиндикке чыгышын сурап, Кудайдан тиленип жаткан дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерине ыраазычылык билдирет.