2017-ЖЫЛ, 17-МАЙ
КАЗАКСТАН
Казакстан өкмөтү катуу ооруп жаткан Жахабанын Күбөсүн түрмөгө камап, өз динин тутууга тыюу салды
АЛМАТЫ (Казакстан). 2017-жылдын 2-майында Казакстандын борбор калаасы Астанадагы шаардык сот Ыйык Китепке негизделген билим берүү ишине катышып жүргөн Теймур Ахмедовду «диний кастыкты козутуп», «бир дин башкасынан жогору деп ырастап жатат» деген айып менен беш жылга кесип жиберген. Андан тышкары, сот Ахмедов мырзага Ыйык Китептин негизинде билим берүү ишине катышууга үч жылга тыюу салган. Соттун бул чечими үч баланын атасы болгон 61 жаштагы Ахмедов мырзаны оор абалга туш кылды. Себеби ал аневризма менен ооругандыктан медициналык жардамга өтө муктаж. Тилекке каршы, өкмөт анын медициналык жардам алууга байланыштуу өтүнүчүн орундатпай келет. Ахмедов мырза жогорку баскычтагы сотко доо арыз менен кайрылат. Анын иши май айынын аягында же июнь айынын башында каралышы мүмкүн.
2017-жылдын 18-январында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Ахмедов мырзаны Кылмыш-жаза кодексинин 174(2)-беренесин бузуп, «диний кастыкты козутту» деген айып менен камакка алган. Ошондон бери аны бир нече ай тергөө камак жайында кармашкан жана медициналык жардам алууга байланыштуу өтүнүчүн орундатышкан эмес. Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян мындай дейт: «Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Теймур Ахмедов үчүн тынчсызданып жатышат. Өкмөт ага коюлган негизсиз айыпты жокко чыгарып, Кудайга берилген, мыйзамга баш ийген жаранын бошоторуна жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүлүшүнө кам көрөрүнө үмүттөнөбүз».
Жахабанын Күбөлөрү Астана шаардык сотунун ушундай чечим чыгарганы Казакстандын Орусияны туурап жатканын көрсөтүп турат деген ойдо. Анткени мурунураак Орусия Федерациясынын Жогорку Соту Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору жоюлсун деген чечим чыгарган болчу. Симонян мырза: «Орусиядагы ишенимдештерибиздей эле, Теймур Ахмедов бийликтегилердин террорчулукка каршы күрөшүүгө байланыштуу мыйзамдын туура эмес колдонулушунун айынан жабыр тартып жатат. Эл аралык уюмдар, алардын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети, Кошмо Штаттардын дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиясы Казакстан өкмөтүнө кайрылып, ошол мыйзамды тынчтыкта өткөрүлгөн диний жолугушууларга карата туура эмес колдонгонун токтотушун суранышты». Симонян мырза сөзүн мындай деп жыйынтыктады: «Биз Казакстандагы бардык ишенимдештерибиз үчүн тынчсызданып жатабыз. Алар Ыйык Китептин негизинде билим берүү ишине катышканы үчүн мындан ары куугунтукталбайт деп үмүттөнөбүз. Биздин уюмдун дүйнө жүзүндөгү адамдарга пайда алып келген билим берүү иши менен алектенери баарына белгилүү. Биз бул сот ишине ынтызарлык менен байкоо салып турабыз».
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000
Казакстан: Бекзат Смагулов, тел: +7-747-671-45-01