2018-ЖЫЛ, 17-ЯНВАРЬ
КАЗАКСТАН
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Казакстан өкмөтүн Теймур Ахмедовдун жыргалчылыгын көздөп иш кылууга үндөдү
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2018-жылдын 3-январында Теймур Ахмедовдун атынан жазылган доо арыздын негизинде дароо иш-аракет кылган. Ахмедов 61 жашта жана анын ден соолугу начар. Ал бир жылга жакын убакыттан бери жалган жалаа менен түрмөдө отурат. Казакстан өкмөтүнүн соттору анын доо арыздарын орундатуудан баш тарткандыктан жана диний иштерди мыйзамсыз жүргүзгөн деген чечимди күчүндө калтыргандыктан Ахмедов Адам укуктары боюнча комитетке жардам сурап кайрылган.
2018-жылдын 9-январындагы сүйлөшүүлөрдө Адам укуктары боюнча комитет Ахмедовдун доо арызынын негизинде иш-аракет кылганга чейин Казакстан өкмөтүн Ахмедовдун жыргалчылыгын көздөп, убактылуу чара көрүүгө үндөгөн. Комитет бийлик өкүлдөрүн «токтоосуз түрдө [Ахмедовго] зарыл медициналык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле түрмөдөгү шарттарын Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактта жана эл аралык мыйзамдарда айтылгандарга ылайык келтирүүгө милдеттендирген». Андан тышкары, Комитет бийликтегилерден «ден соолугунун өтө начар болгонуна байланыштуу [аны] түрмөдөн бошотуу же доо арызы Комитетте каралып жаткан убакта үй камагына чыгаруу маселесин кароону талап кылган».
Ахмедовдун акыбалына БУУнун Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобу да тынчсызданууда. 2017-жылдын октябрь айында Жумушчу топ Ахмедовдун доо арызын карап чыгып, анын түрмөгө камалганы адилетсиз экенин аныктаган. Ошондой эле бийликтегилер аны түрмөдөн бошотушу керектигин жана адилетсиз мамилеге кабылганы үчүн келтирилген зыяндын ордун толтуруп бериши керектигин билдирген. Бүгүнкү күнгө чейин Казакстан өкмөтү Жумушчу топтун эскертүүлөрүнө көз жумду мамиле кылып келет. Ахмедов беш жылга кесилген. Анын түрмөдө жатканына бир жылдай болду.