Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 9-ФЕВРАЛЬ
КАЗАКСТАН

Казакстан соту Жахабанын Күбөсү тергөө камак жайында калсын деп чечти

Казакстан соту Жахабанын Күбөсү тергөө камак жайында калсын деп чечти

2017-жылдын 30-январында Астана шаардык соту Теймур Ахмедовду соттун чечими чыкканга чейин бошотуудан баш тартты. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн айткан кабарына кызыгымыш болгон кишилердин айынан 18-январда камакка алынган. Ага «диний талаш-тартыштарды чыгарып», «бир дин башкасынан жогору турат деп ырастап жатат» деген айып коюлган. Сот Теймур Ахмедовду абакта кармоо зарыл экенин көрсөткөн бир да далил келтирген жок.

Ал чечим күчүнө кирди жана соттун чечимине ылайык, кайра кароого жатпайт. Кылмыш иши иликтенип бүткөнгө чейин Теймур Ахмедов тергөө камак жайында отурат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 5 жылдан 10 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.