Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 6-ИЮЛЬ
КАЗАКСТАН

Казакстан Жахабанын Күбөлөрүнүн өлкөдөгү башкы башкармалыгынын ишин убактылуу токтотту

Казакстан Жахабанын Күбөлөрүнүн өлкөдөгү башкы башкармалыгынын ишин убактылуу токтотту

2017-жылдын 29-июнунда Казакстандын Алматы шаардык соту Жахабанын Күбөлөрүнүн Казакстандагы диний борборуна айып пул салып, андагы иштердин баары үч айга токтотулсун деген чечим чыгарган. Соттун чечими Жахабанын Күбөлөрүнүн борборунда жүргүзүлгөн текшерүү ишинин жыйынтыгына негизделген. Бийликтегилер ал борборду терордук чабуул жасалса, коргонууга шарт түзгөн коопсуздук чаралары көрүлгөн эмес деп эсептеп, ага чейин орнотулган 20 камерага кошумча дагы 3 камера орнотуу зарыл деген жыйынтык чыгарган. Казакстандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Владимир Воеводин мындай дейт: «Диний борбордогу бардык иштердин убактылуу токтотулганы — мыйзам бузгандыктын жеткен чеги. Өкмөт, сыягы, диндерге карата бейкалыс көз карашта болгондуктан ушундай кылып жатат. Биз бул чечимге макул эмес экенибизди билдирип, доо арыз менен кайрылдык».

Бийлик өкүлдөрүнүн диний борборго тоскоолдук кылышы

Адистештирилген район аралык административдик соттун соту Н. М. Пакирдинов 29-июнда чечим чыгарганга чейин бийликтегилер коопсуздук шарттарын текшеребиз деген шылтоо менен диний борбордо тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. 2017-жылдын 17-майында болгон ал текшерүү ишин Мамлекеттик коопсуздук кызматы (мурун КГБ деп белгилүү болчу) жетектеген. Ага 30 полиция кызматкерлери, анын ичинде өзгөчө аскердик бөлүктүн (спецназ) куралданган, бет кап кийген кызматкерлери катышкан. Алар Астана шаарында 2017-жылдын июнь айында баштала турган көргөзмө учурунда эл көп чогулган жерлерге террордук чабуул коюлса, коргонууга шарт түзгөн коопсуздук чаралары бар-жогун текшерүү үчүн келгенин жана атайын уруксат кагаз алышканын айтышкан. Жахабанын Күбөлөрү мурунку текшерүү ишинде коюлган талаптардын баарын орундаткан. Мындан тышкары, диний борбор 2017-жылдын 5-июнунда жүргүзүлгөн кийинки текшерүү ишинде бийликтегилер мыйзамды бузгандыкка жатат деп ырастаган нерселерди да дароо оңдогон.

2017-жылдын 17-майында диний борбордо текшерүү иши жүргүзүлгөн

Жахабанын Күбөлөрү 2017-жылы Астана шаарында көргөзмө өтөрүн билгенде, Казакстанга чет өлкөдөн көптөгөн коноктор келиши үчүн, үч күндүк атайын жыйын уюштурушкан. Бирок бийлик өкүлдөрү жыйын өткөрүлө турган жерге байланыштуу келишимдердин жүзөгө ашышына тоскоолдук кылгандыктан, келишимдердин баары жокко чыгарылган. Ошол себептен Кошмо Штаттардан жана Европадан келген 1 500 Жахабанын Күбөсү жергиликтүү ишенимдештери менен бирге диний борбор жайгашкан аймакта өткөрүлгөн жыйынга чогулушкан. Алгачкы эки күнүндө полиция кызматкерлеринин жыйынга келген 900дөй конокту ташый турган автобустардын айдоочуларынын документтерин көпкө чейин текшергенине байланыштуу коноктор мейманканалардан чыга албай, үч сааттай кармалышкан. Диний борбор Алматы шаарынын прокуратурасына доо арыз менен кайрылган. Ал жактан эч кандай жооп болбосо да, полиция кызматкерлери жыйындын үчүнчү күнүндө Жахабанын Күбөлөрүнө тоскоолдук кылышкан эмес. Бирок жыйын бүткөндөн төрт күн өткөндөн кийин Алматы шаарынын административдик соту Жахабанын Күбөлөрүнүн диний борборундагы бардык иштер убактылуу токтотулсун деген чечим чыгарган.

2017-жылдын 23-июнунда полиция кызматкерлери чет өлкөлүк коноктордун жыйынга убагында барышына тоскоолдук кылышкан

Мыйзамды колдонуп кыянаттык кылуу

2012-жылдын декабрь айынан бери Казакстан өкмөтү бүт өлкөдө Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин барган сайын чектеп келет. Өкмөт 80ден ашуун Жахабанын Күбөсүнө расмий каттоодон өтпөй «миссионердик иш менен алек болуп жатышат» деген айып коюп, чоң суммадагы айып пул салган.

2017-жылдын январь айында, диний көз каршы менен бөлүшкөнү үчүн, эки Жахабанын Күбөсүнө каршы кылмыш иши козголгон. Диний иштер менен алек болгону үчүн май айында камалган Теймур Ахмедов беш жылга кесилип, учурда түрмөдө отурат. Полиция кызматкерлери дагы бир Жахабанын Күбөсүнө Орусияда «экстремисттик» деп табылган диний мазмундагы адабиятты сунуштаганы үчүн диний кастыкты козутту деген айып койгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Казакстан Орусияны туурайбы?

Жахабанын Күбөлөрү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бир нече жолу жолугуп, эркин сыйынууга болгон укугу тууралуу сүйлөшүшкөн, бирок ал көп деле жакшы натыйжа берген эмес. Бирок диний көз карашы менен бөлүшүп жүргөнү үчүн айыпталган Жахабанын Күбөсү болгон Андрей Королёвдун иши башкы прокуратуранын демилгеси менен Казакстандын Жогорку Сотунда каралып, акталып чыккан. 2017-жылдын 1-июнунда чыгарылган ал чечимде Сот Королёв мырза дин тутуу эркиндигине ээ болгондуктан диний көз карашы менен эркин бөлүшүүгө укуктуу экени айтылган. Башкы прокуратура Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чыгарылган чечим бүт өлкөдөгү бийлик өкүлдөрүнө маалым болорун айткан. Ошентсе да төмөнкү баскычтагы соттор ошол чечимди ишке ашыруудан баш тартып, Жахабанын Күбөлөрүнө кайра эле «расмий түрдө катталбастан миссионердик иш менен алек болууда» деген айып коюп келишет.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы юристконсультунун жардамчысы Грегори Аллен мындай дейт: «Акыркы маалдагы жагдайларга карабай, төмөнкү баскычтагы соттор жана укук коргоо органдары Жогорку Соттун 2017-жылдын 1-июнунда чыгарган чечимин ишке ашырат деп үмүттөнөбүз. Казакстан өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүнө негизсиз айып коюп, алардын дин тутуу боюнча эл аралык укуктарын бузуп жаткан Орусияны туурап жатканы өкүнүчтүү. Диний борбордогу иштер убактылуу токтотулсун деген 29-июнда чыгарылган чечимдин аркасында дагы эмне жатарын ойлоп тынчсызданып жатабыз. Доо арызыбыз адилеттүүлүк менен каралат деп үмүттөнөбүз».

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү акыркы маалда болуп жаткан окуялардан улам бийликтегилер алардын Казакстандагы ишенимдештеринин ишине, Орусия өкмөтүндөгүдөй кылып, тыюу салып коёбу деп тынчсызданып жатышат.