11-АПРЕЛЬ, 2018-ЖЫЛ
КАЗАКСТАН
Теймур Ахмедов 2018-жылдын 4-апрелинде Казакстандын түрмөсүнөн бошотулду
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Теймур Ахмедовго мунапыс жарыялап, 2018-жылдын 4-апрелинде түрмөдөн бошотту. Бир аз мурунураак, 2018-жылдын 27-мартында, бийликтегилер Теймур бир тууганга Алматы шаарындагы ооруканадан шашылыш операция жасалышына уруксат беришкен. Учурда ал ошол ооруканада дарыланганын улантууда.
61 жаштагы Теймур бир тууган Кудайга болгон ишеними жөнүндө башкаларга айтканы үчүн эле 2017-жылдын 18-январынан бери түрмөдө отурган. Ал кайрадан үй-бүлөсү менен чогуу болгонуна сүйүнүп жатат.
Баарыбыз тең Жахабанын берилгендик сактаган кызматчысын куткарганына кубанып жатабыз (2 Шемуел 22:2).