Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 6-ИЮНЬ
КАЗАКСТАН

Түрмөдө 441 күн. Теймур Ахмедов жана жубайы Мафиза менен курулган маек

Түрмөдө 441 күн. Теймур Ахмедов жана жубайы Мафиза менен курулган маек

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мунапыс жарыялагандан кийин, 2018-жылдын 4-апрелинде Теймур Ахмедов түрмөдөн бошотулду. Ал баш-аягы 441 күн түрмөдө отурду. Бийликтегилер аны башкалар менен ишенген нерселери жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн эле камакка алышкан.

Теймур Ахмедов бошотулганынан бир аз убакыт өткөндөн кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн Уорикте (Нью-Йорк) жайгашкан бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгындагы жалпыга маалымдоо бюросу (ЖМБ) Теймур жана анын жубайы Мафиза менен, алар Казакстандын борбор калаасы Астанага кеткенге чейин, маек курду. Бул — кыскараак жана түшүнүктүүрөөк болуш үчүн бир аз оңдолгон маек.

ЖМБ: Теймур Ахмедов, адегенде сиз менен жакыныраак таанышалы. Качан Жахабанын Күбөсү болдуңуз эле?

Теймур Ахмедов (ТА): Мен 2005-жылдын 9-октябрында чөмүлгөм. Ыйык Китептеги чындык жөнүндө укканга чейин атеист болчумун. Көп жылдар бою эч кимге, эч нерсеге ишенчү эмесмин. Жубайым Ыйык Китепти изилдей баштаганда, ага келген Жахабанын Күбөлөрү менен эмнелер жөнүндө сүйлөшөрүн билгим келчү. Ошон үчүн эшиктин артына туруп алып, билгизбей тыңшай берчүмүн.

Алардын жагымдуу, жакшы нерселер жөнүндө гана сүйлөшүп жатканын түшүнгөнүмдө, мен да кызыгып калдым. Кийинчерээк биздикине келип жүргөн Жахабанын Күбөлөрү мени ошол учурда Казакстанда кызмат кылып жүргөн польшалык Веслав бир тууган менен тааныштырышты. Аны менен биринчи жолу жолукканда ага мындай дедим: «Бир суроо берейин, эгер акылга сыярлык жооп уксам, анда дос болобуз, мындан ары жолугуп турабыз. Жообуң жакпай калса, таарынышмай жок, экинчи жолукпай эле коёлу». Анан андан: «Адам өлгөндө эмне болот?» — деп сурадым. Ал Ыйык Китептен Насаатчы 9:5ти ачып: «Бул аятты окусаңыз сурооңузга жооп табасыз»,— деди. Аятты окуганда чындыкты тапканымды түшүндүм. Ошон үчүн андан ары жолугуп турганга, Ыйык Китепти изилдегенге макул болдум.

Демек Ыйык Китепти изилдеп, акыры, 2005-жылы чөмүлүптүрсүз.

Эми сиз камалганга чейин болгон окуялар жөнүндө сүйлөшөлү. 2016-жылдын май айында Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенерине кызыккандай көрүнгөн кишилер менен жолугуптурсуз. Бир нече ай бою Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө айтып берүү үчүн алар менен бир канча жолу кезигиптирсиз. Азыр ошол күндөр жөнүндө ойлонгондо, алардын сөздөрү же иштери шектүү болгондой сезилбейби?

ТА: Ооба, мен аларга Ыйык Китепти топ адамдар менен эмес, жеке ар бир адам менен изилдейбиз деп айткам. Ошон үчүн ар бири менен өзүнчө изилдөөнү сунуштаган сайын, алар топ болуп изилдеген көбүрөөк жагарын айтышчу. Ошондой эле кээде изилдөөгө жаңы бирөөлөрдү чакырып, өткөн жолкуда талкуулаган нерселерибизди кайталап беришимди суранышчу.

Мафиза Ахмедова (МА): Бир жолу алардын изилдөөсүнө мен да барып калдым. Көп убакыттан бери изилдеп атышса да, ар кайсы диндерди талкуулап жатышыптыр. Андан сырткары, алар жашаган батирдин көпчүлүк студенттер ижарага алган батирлерден кыйла кымбатыраак экенин байкадым. Мен алардын башка студенттерге караганда, сонун шарттарда жашап жатышканын айттым. Ошондо алардын бир аз оңтойсуздана түшкөнү байкалды. Кетип баратканыбызда, мен сыртта күтүп турганда, алар Теймурду өзүнчө алып калып, мени экинчи изилдөөгө алып келбешин суранышыптыр.

Ал кишилердин Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенерине кызыккан адамдар эмес эле, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) менен кызматташкандар экенин качан түшүндүңүз?

ТА: Алардын УКК менен кызматташкандар экенин сот учурунда билдим.

Сиз камакка алынып, кийинчерээк «диний кастыкты козутту» жана «бир дин башкасынан жогору деп ырастап жатат» деген айып коюлганын укканыңызда кандай сезимде болдуңуз?

ТА: Ачыгын айтсам, мени кармап, полиция участогуна алып барышканда, өздөрү айткандай, аркы-беркини тактагандан кийин коё беришет деп ойлогом. Өзүмдү коргоого жана тиги кишилер менен эмнелер жөнүндө сүйлөшкөнүмдү айтып бергенге даяр болчумун.

Окуялардын таптакыр башка нукта өрчүгөнүнө таң калдым, бирок корккон жокмун. Диний кастыкка, экстремизмге үндөп жатат деген айып коюлганы мен үчүн күтүлбөгөн нерсе болду. Жахабанын Күбөлөрү башкаларга Жахаба Кудай жөнүндө билим беришет жана эч качан жек көрүүчүлүккө, козголоңчул болууга үндөшпөйт. Күнөөлүү эмес экениме, Жахабанын мени колдооруна эч шектенген эмесмин. Тынчсызданганым чын, ошентсе да Ыйык Китептеги: «Бардык түйшүгүңөрдү ага [Жахабага] арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деген сөздөрдү эстеп жаттым (1 Петир 5:7).

Ошентип 2017-жылдын 2-майында тергөө камак жайында үч айдан ашык убакыт отургандан кийин Астана райондук соту сизди беш жылга кесип, андан сырткары үч жылга чейин Ыйык Китептин негизинде билим берүү ишине катышууга тыюу салды. Муну укканда эмне болдуңуз?

ТА: Бул чечимди укканда, өзүмдү, зарыл болсо, мөөнөттү толугу менен өтөйм деп көндүрдүм. «Эгер бул сыноо болсо, анда анын канча убакытка созуларын Жахаба өзү көзөмөлдөйт»,— деп ойлодум. Канча керек болсо ошончо күткөнгө чечкиндүү болдум.

Павлодар шаарындагы (Казакстан) Ахмедов бир тууган камалган түзөтүү мекемеси.

Билишибизче, камалган учурда ооруп жаткансыз, туурабы?

ТА: Ооба, камалганга чейин ооруп, дарыланып жаткан болчумун. Анан түрмөгө түшкөндөн кийин дарылануум үзгүлтүккө учурап калгандыктан оорум күчөй баштады.

Мафиза, ушул нерселер болуп жатканда сиз эмне болдуңуз?

МА: Мен коркуп, эмне кылышты да билбей, көңүлүм кайт болуп жатты. Теймур камалгандан кийин өз алдымча чечим да чыгара албай калдым, анткени аялы күйөөсү болуп 38 жыл жашап, дайыма чогуу жүрчүбүз. Теймур болсо мени: «Эч тынчсызданба. Жахаба чогуу болбогон 5 жылыбызды, атүгүл, азыркы заманда 25 жыл менен толуктап коё алат»,— деп жубатып жатты.

Жолдошуңуз түрмөдө отурганда сизге дагы эмне жардам берди?

МА: Жыйналыштагы бир туугандарым мага жөлөк болуп жатышты. Чынын айтсам, Теймурдун камалганына байланышкан жагдайдан улам, үйүбүзгө эч ким келбей калат деп коркком. Анткени Коопсуздук комитетиндегилер үйүбүзгө да, баскан-турганыбызга да байкоо салып жаткан.

Анан бир күнү эле аксакал менен аялы үйүбүзгө келди. Аларды көрүп аябай бекемделдим. Мен: «Биздикине келгенден корккон жоксуңарбы?» — деп сурадым. Алар: «Эмнеге коркмок элек? Азыркы заманда бийликтегилер кайда жүргөнүбүздү телефонубуздан эле биле алышат. Каалашса, оңой эле таап алышат»,— деп жооп беришти.

Кайтаруучулук жолугууга келген аксакалдар болсо сыноого багынбаганга, рухийлигимди бекемдегенге үндөштү.

Теймур бир тууган, ушул сыноону көтөрүп кеткенге, туура маанай сактаганга сизге эмне жардам берди?

Алма-Аты шаарындагы ооруканада чынжырланган боюнча дарыланып жаткан Ахмедов бир тууган (бошоноруна аз калганда). Бийликтегилер башында дарыланышына тыюу салышканы менен, ден соолугу начарлап кеткенде дарылануусун улантууга уруксат беришкен.

ТА: Жахабадан тиленгеним! Сыноо учурунда кубанычымды жоготпой, берилген, ишенимдүү бойдон калышым үчүн күн сайын андан жетекчилик, акыл, күч беришин сурап тиленип жаттым. Тиленүүлөрүмө жооп берип жатканы кадимкидей сезилип жатты. Ал колдоп тургандыктан, түрмөдө өзүмдү жалгыз сезген жокмун.

Ыйык Китепти окуганым да аябай жардам берди. Түрмөлөрдүн биринде жанымда дайыма Ыйык Китебим бар болчу. Башкасына которуп жиберишкенде ал жактын китепканасында Ыйык Китеп бар болчу. Аны жумасына бир жолу барып, окуй алчумун.

Ошондой эле мага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген бир туугандын айткандары жөнүндө көп ойлончумун. Ал башыбызга түшкөн кыйынчылыктардан коркпошубуз керек деп айтар эле. Бир жолу андан: «Кантип коркпой коёсуң? Жүрөктүн үшүн алган, оор кыйынчылык болсочу?» — деп сурадым. Ал Жахабанын алыбыз жетпей калгыдай азгырыктарга жол бербей турганын, эмне сыноо болбосун, аны көтөрүп кеткенге күч-кубат берерин айтты (1 Корунттуктар 10:13). Камакта отурганда Ыйык Китептеги бул ойду дайым эстеп жүрдүм.

Дүйнө жүзүндөгү бир туугандарга сиздин кандай жагдайга туш болгонуңуз маалым экенин, алардын Кудайдан сизге жардам беришин сурап тиленип жатышканын билгениңизде кандай сезимде болдуңуз?

ТА: Бул уюм Жахабаныкы болгондуктан, ал өзү жардам берип жаткандай сезилип жатты. Ушундан улам мен ташталып калбайм, Жахаба мени бир күнү сөзсүз куткарып алат деп ишенчүмүн.

Кызыктуусу, мен мурун түрмөгө түшүп калуудан коркчумун. Түрмө деген сөздү укканда дене боюм дүркүрөп кетчү. Камакта отурган бир туугандарым жөнүндө окуганда: «Жахаба, түрмөдөн башкасынын баарына чыдайм»,— деп тиленчүмүн. Ошол эле учурда, камакта отургандарга барып, Ыйык Китептеги чындык жөнүндө айтып бергим келчү. Аларга кабар айткым келет деп айтканымда, бир туугандар учурда Казакстанда түрмөлөргө барып кабар атууга уруксатыбыз жок деп түшүндүрүп беришти. Ошон үчүн бул сыноого туш болгонумда, сезимдерим кошул-ташыл болду. Бир чети корксом, бир чети түрмөдөгүлөргө кабар айтканга болгон каалоом ишке ашчудай болуп калды.

Түрмөдө отурганда жаныңыздагыларга кабар айтканга мүмкүнчүлүк болдубу?

ТА: Ооба, болду. Бир жолу сүйлөшкүсү келген кызматкер мени суракка алыш үчүн кеңсесине чакыртты. Кеңсесине барганымда ал: «Жахабанын Күбөсү экениңди билем, ошон үчүн мага кабар айтам деп ойлобой эле кой»,— деди. Мен: «Андай деле максатым жок»,— дедим. Ал: «Кудайдын ысмы ким?» — деп сурады. Мен: «Кудайдын ысмы — Жахаба»,— деп жооп бердим. Ал: «Анда Иса ким? Кудай эмеспи?» — деп дагы суроо узатты. Мен: «Жок, ал Кудай эмес, анын уулу»,— дедим. Ошондо тиги киши: «Анда эмне үчүн православие чиркөөсүндөгүлөр аны Кудай дешет?» — деп сурады. Мен: «Бул суроону аларга беришиңиз керек экен»,— дедим.

Дагы бир күнү бир эле учурда 40тай же андан да көп кишинин алдында сүйлөөгө туура келди. Түрмөдө жаткандарды көргөнү психолог келип калыптыр. Нике жөнүндө сүйлөшүп жатканыбызда ал полигамия (көп аял алуучулук) тууралуу кандай ойдо экенибизди сурады. Ар ким өз оюн айтып жатты.

Кезек мага жеткенде: «Бул туурасында өзүмдүн оюм деле жок, бирок бул жөнүндө бирөөнүн ою аябай жагат, кааласаңар, айтып берейин»,— дедим. Анан: «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— дедим (Башталыш 2:24). Психолог: «Бул кимдин ою?» — деп сурады. Мен: «Бул адам баласын жараткан Жахаба Кудайдын ою. Ал эки киши жөнүндө эле айткан»,— деп жооп бердим.

Психолог аял: «Эркектин бир эле аялы болушу керек дегенди колдогон дагы башка негизиңер барбы?» — деп сурады. Мен Матай 7:12деги: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла»,— деген сөздөрдү айттым. Анан сөзүмдү мындай деп уладым: «Бул сөздөрдү Иса пайгамбар айткан. Ушул жерде отурган эркектерден аялдарын башка бирөө менен бөлүшкүсү келер-келбесин сурап көрбөйсүзбү. Эгер эч кимиси каалабаса, анда аялдар деле күйөөлөрүн башка аялдар менен бөлүшкүсү келбеси айтпаса да түшүнүктүү». Ошондо психолог баарынан да менин жоопторум жакканын айтты.

Жагдайыңар аябай эле оор болсо да, кабар айтканга мүмкүнчүлүк тапканыңыз бизди аябай бекемдейт!

Бошотууну сурап бир канча жолу кайрылсаңыз да соттор, алардын ичинде Казакстандын Жогорку соту да, доо-арызыңызды канааттандыруудан баш тартканда мыйзам жолу менен адилеттүүлүккө жетүү мүмкүн эместей сезилген.

Анткен менен күнөөнү моюнга алам деген кагазга кол коюп койсоңуз, бошотулушуңуз мүмкүн болчу. Ошол жөнүндө айтып бербейсизби. Эмне үчүн андай кагазга кол коюудан баш тарттыңыз?

ТА: Муну бир нече жолу сунуш кылышты. Бир караганда боорукердиктей көрүнгөн ал сунушка макул болсом, чын-чынында, коюлган айыпты моюнга алып, кылган иш-аракеттериме кечирим сурагандай болуп калмакмын. Кийинчерээк андай кагазды өз сөзүм менен жазып, кечирим сурасам болорун айтышты. Бийлик башындагылар: «Мындан ары башкаларга өзүмдүн ишенимим жөнүндө айтпайм, туура эмес иш кылганымды моюнга алам, ден соолугумду эске алып мени бошотушуңузду суранам»,— деп жаз дешти.

Мен мага коюлган айыпка макул эмес экенимди айтып, булганган абийирим менен боштондукта жүргөндөн көрө, таза абийир менен түрмөдө отурганым артык дедим.

Ишенимиңиз бекем экенин көрсөтүп, абийириңизди булгоодон баш тартканыңыз таасирлентпей койгон жок.

Акыры, окуялар күтүлбөгөн жерден такыр башкача өрчүй баштады. Мунапыс жарыяланганын жана бошотуларыңызды кантип билип калдыңыз?

ТА: Бир күнү сакчы келип, бирөө мени телефонго чакырып жатканын айтты. Ошондо: «Ким болду экен?» — деп бир таң калдым. Телефонду алганда, бир аял өзүн тааныштырды да, мени бошоткону келгени жатканын айтты. Аны укканда эмне кылышты билбей туруп калдым. Анын менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин, бул тууралуу адегенде уулума айтайын дедим. Анткени жубайымды жөнү жок үмүттөндүрүп, кыйнап койбоюн деп корктум.

Телефонду койгондон кийин сакчы: «Эмне дешти?» — деп сурады. Мен: «Бирөө тамашалап жатат окшойт. Телефондон сүйлөгөн аял түрмөгө келип мени бошоткон жатыптыр»,— дедим.

Теймур Ахмедов камактан бошотулганынан көп өтпөй Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон аны менен жана аялы Мафиза менен жолуккан.

Тиги киши анын тамашалабаганын, чынында эле келип, мени бошоторун айтты.

Мафиза, бул жөнүндө укканда сиз эмне болдуңуз?

МА: Балам муну айтканда, мен да ишене албай туруп калдым. Анткени бул көптөн бери күтүп келген нерсебиз болчу.

Теймур бир тууган менен бир жылдан ашык убакыттан кийин кайра жолукканыңарда экөөңөр тең аябай сүйүнсөңөр керек.

Азыр, баары артта калгандан кийин, ушу сыноонун аркасында эмнеге үйрөндүк деп айта аласыңар?

МА: Бахрам [Хемдемов] бир тууган менен аялы Гүлзира жөнүндө укканымда көп ыйлаганым эсимде. [Хемедов бир тууган Түркмөнстандын бийлик башындагылары тарабынан 2015-жылдын март айында камакка алынган. 2015-жылдын 19-майында «диний кастыкты козутту» деген жалган айып менен 4 жылга кесилген. Мөөнөтү али бүтө элек.] Теймур камакка алынганга чейин Гүлзиранын канчалык кыйналып жатканын ойлоп, жүрөгүм кысыла берчү. Азыр аны бек кучактап, аябай жакшы көрөрүмдү, анын тарабында экенимди билдиргим келет. Теймур менен болгон окуядан кийин, эми аны канчалык жакшы түшүнөрүмдү да айткым келет. Мендей болуп, ал да Жахабанын жана бир туугандардын колдоосуна муктаж экенин билем.

Мени колдоп-бекемдеп турган бир туугандарымдын баарына — жыйналышымдагы, дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыма, Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүнө, юристтерге, балдарыма — чексиз ыраазымын.

Бошотулганынан кийин мунапыс жарыяланганын тастыктаган документти кармап турган Ахмедов бир тууган.

ТА: Мен бир эле нерсени айткым келет. Ар бирибиз сыноодон өтүшүбүз керек. Албетте, баарыбыз эле түрмөгө отурбайбыз. Кээ бирөөлөрдү үй-бүлө мүчөлөрү куугунтукташы мүмкүн. Башкалардын ишеними жыйналышындагы бир туугандардын ката-кемчилигинен улам сыналышы ыктымал. Кандай сыноого туш болбойлу, Кудайдын принциптерине карманабызбы же аларды баркка албай коёбузбу чечишибиз керек болот. Принциптерге бекем кармансак, анда сыноону ийгиликтүү көтөрүп кете алабыз. Эң негизгиси сыноону жерибей, ага чыдоого Жахаба сөзсүз күч-кубат берерин унутпашыбыз керек.

Мени колдоп-бекемдеп келаткан үй-бүлөмө, уулдарыма терең ыраазымын. Алардын мага дайым келип турганы күчтүү бойдон калууга жардам берип турду.

Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыма да ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алардын мен үчүн тиленишкени, кат жазышканы мени кубаттап, күчтөндүрүп жатты. Өзүмдү бир да мүнөт жалгыз калгандай сезген жокмун. Азыр бир туугандарыма болгон сүйүүм артып, Жахаба менен болгон мамилем абдан бекемделди.