Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 4-ИЮЛЬ
КАЗАКСТАН

Казакстан өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына иш жүргүзүүгө тыюу салууда

Казакстан өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына иш жүргүзүүгө тыюу салууда

2017-жылдын 29-июнунда Казакстан соту Жахабанын Күбөлөрүнүн Алматыдагы филиалы үч айга чейин иш жүргүзбөшү керек деген чечим чыгарып, болжол менен 680 000 теңге (2 107 доллар) айып пул салган.

Сот мындай чечими чыгарганга чейин бийлик өкүлдөрү 2017-жылдын 17-майында филиалда текшерүү иштерин жүргүзгөн. Көпчүлүктүн көңүлүн бурдурган бул текшерүүгө айрымдары бет кап кийген, куралданган 40тай полиция кызматкери да келген. Жахабанын Күбөлөрү мындай текшерүү жүргүзүлгөнүнө каршы экенин билдирип, доо арыз менен кайрылганы жатышат.

2017-жылдын 5-июнунда полиция кызматкерлери филиалды текшеришкен. Текшерүүнүн жыйынтыгында бийлик өкүлдөрү айрым токтомдордун бузулганы айкын болду деп ырасташкан. Жахабанын Күбөлөрү бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгон бул текшерүүнүн жыйынтыгына кошулбай турганын билдиришкен.

Казакстанда жагдайдын ушундайча өрчүгөнү Орусиядагы жагдайды эске салып жатат. Орусия өкмөтү ал жактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салган. Ишенимдештерибиз диний басмырлоого, полиция кызматкерлеринин коркутуп-үркүткөнүнө туш болуп жатышат. Казакстандагы Жахабанын Күбөлөрү 29-июнда чыгарылган чечимге каршы экенин билдирип, 2017-жылдын 14-июлуна чейин доо арыз менен кайрылышат.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Казакстан: Бекзат Смагулов, тел: +7-747-671-45-01