Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 22-ФЕВРАЛЬ
КАЗАКСТАН

Казакстан өкмөтүнө Теймур Ахмедовдун бошотулушун сурап кайрылуу

Казакстан өкмөтүнө Теймур Ахмедовдун бошотулушун сурап кайрылуу

Теймур Ахмедовдун үй-бүлөсү, достору ал үчүн абдан тынчсызданууда. Теймур Ахмедов — Жахабанын Күбөсү. Азыр ал 61 жашта жана түрмөгө камалганга чейин бир жылдан ашыгыраак убакыт мурун эле ден соолугу өтө начарлап кеткен. 2018-жылдын 8-февралында операция болуп, бири залалдуу болгон эки шишикти алдырган. Туугандары менен жактоочулары Павлодар шаарындагы түзөтүү абагынын шарттары оор болгонунан улам жана Теймур Ахмедов медициналык жардам көрсөтүлүшүнө муктаж болгондуктан, аны бошотушун өтүнүп, бийликтегилерге кайрылышкан. Бирок алардын өтүнүчү азырынча орундала элек.

Казакстандын соттору Теймур Ахмедовду катаалдык менен жазага тартып, 5 жылга кесип жиберишкен. Анын жаза мөөнөтү 2022-жылы аяктайт. Теймур Ахмедов диний көз карашы тууралуу жарыялоо укугунун чегинде гана иш кылса да, ага каршы кылмыш иши козголуп, өкмөт тарабынан куугунтукка алынып келет. Атүгүл анын аты-жөнү террорчулукка катыштыгы бар деген шектен улам банк эсебине бөгөт коюлгандардын тизмесине киргизилген. Казакстандын соттору доо арыздардын баарын четке кагып келет.

БУУнун Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобу өз пикирин Казакстан өкмөтүнө жөнөтүп, Теймур Ахмедовду бошотууга жана ага коюлган жалган айыпты жокко чыгарууга үндөгөн. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети да Казакстан өкмөтүнөн Теймур Ахмедовду, ден соолугунун өтө начарлап кеткенине байланыштуу, түрмөдөн бошотууну көптөн көп өтүнгөн.

Теймур Ахмедовдун жактоочусу мындай дейт: «Теймур Ахмедовдун ак жерден камакка алынганы, ден соолугунун өтө начарлап кеткени жана медициналык жардамга муктаж болуп жатканы адилеттүүлүктү талап кылат. БУУнун агенттиктери сыяктуу эле, биз да Казакстан өкмөтүнөн кайрымдуулук кылып, Теймур Ахмедовду тезинен бошотушун өтүнөбүз».