Мазмунун көрсөтүү

Пионер жубайлар Жан-Ив менен Васти жумушта

6-АПРЕЛЬ, 2020
КАНАДА

Дүйнө дүрбөлөңгө түшүп жаткан маалда жан дүйнө тынчтыгын сактоо

Дүйнө дүрбөлөңгө түшүп жаткан маалда жан дүйнө тынчтыгын сактоо

Жан-Ив менен жубайы Васти Мудахеранвалар Канададагы Монреаль шаарында коронавирус оорусунун очогунда иштеп жатышат. Жан-Ив ооруканада өпкө ооруларын дарылайт, ал эми Васти COVID-19 менен жабыркагандар жаткан борбордо медайым болуп иштейт. Элдин үрөйү учуп жаткан оор учурда алар Жахабага таянгандыктан, дем-күчкө толуп, жан дүйнөсү тынч (Ышая 65:14).

Жан-Ив мындай дейт: «Көптөгөн кесиптештеримдин азыркыдай коркконун буга чейин көргөн эмесмин». Жубайы Васти мындай деп ой бөлүшөт: «Мага Ыйык Китепти өз алдынча изилдегеним жакшы жардам берип жатат. Биз акыркы күндөрдүн бул белгиси тууралуу ой жүгүртөбүз жана Жахабанын биз менен экенин, бизди таштабай турганын эсибизге салып турабыз. Тиленүү да аябай жардам берип жатат. Жумушка барарда үйдөн тиленип чыгам, ошондон кийин жүрөгүм кадимкидей тынчып калат».

Жан-Ив менен Васти жыйналышка катышып жатышат

Жан-Ив мындай деп улайт: «Мен Руандада чоңоюп-өскөм, башыман геноцид өткөн. Канадада андай көрүнүштүн бири да болгон эмес, ошон үчүн кээде акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды унутуп калышыбыз мүмкүн. Өзүм жөнүндө айта турган болсом, кээде Жахабанын күнүнө аябай аз убакыт калганы жөнүндө ойлонбой деле калчумун. Бул пандемия акыркы убакта жашап жатканыбызга ынандырып, Ыйык Китепке, анда жазылган пайгамбарлыктарга болгон ишенимимди бекемдеди».

Төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган Жахабанын эли да бул жубайлардыкындай ишенимге ээ болуп, ушул кыйын учурда жан дүйнө тынчтыгын сактап келишет (Ышая 48:18).