Мазмунун көрсөтүү

24-ДЕКАБРЬ, 2021
КАНАДА

Канададагы түзөтүү-эмгек лагерлеринде ишенимин бек сактагандарды эскерүү

Канададагы түзөтүү-эмгек лагерлеринде ишенимин бек сактагандарды эскерүү

1946-жылы жайында Канаданын бийлик өкүлдөрү өлкөнүн алыскы аймагында жайгашкан бир нече түзөтүү-эмгек лагериндеги 300гө жакын Жахабанын жаш кызматчысын азаттыкка чыгарган. Алар колуна курал алуудан баш тартканы үчүн ал жакка жөнөтүлүп, оор жумуштарды аткарууга мажбур болушкан. Ал ишенимдештерибиз башына түшкөн сыноону кайраттуулук менен көтөрүп, түрмөдөн рухий жактан күчтөнүп чыгышкан. Быйыл алардын эркиндикке чыкканына туура 75 жыл болду. Учурда ошондогу кордукту көргөн ишенимдештерибиздин айрымдарынын гана көзү тирүү. Алардын бири — Дон Маклеан. Ошол күндөр тууралуу ал: «Баарынан да согуш маалындагы жылдар ишенимимди өзгөчө курчутту деп эсептейм. Ошол жылдарды эстегенде дайыма Жахабага ыраазычылык билдирем»,— деген.