Мазмунун көрсөтүү

Полиция Сент-Мари-де-Бостогу (Квебек) суу каптаган көпүрөнү тороп турат

2019-ЖЫЛ, 17-МАЙ
КАНАДА

Канадада чоң сел жүрдү

Канадада чоң сел жүрдү

Канаданын Нью Брансуик, Онтарио, Квебек провинцияларында сел жүргөндүктөн, миңдеген тургундар башка жакка көчүүгө аргасыз болду. Квебек провинциясында эле 9 000дей киши башка жерге көчүрүлдү.

Канададагы филиал Квебекте жалпысынан бир туугандардын 44 үйү зыянга учураганын билдирди. Ал эми Нью Брансуик менен Онтарио провинцияларында эч кимисинин үйү зыян тарткан эмес. Анткен менен сел дагы деле жүрүүдө.

Квебектин жабыр тарткан аймактарындагы райондук көзөмөлчүлөр жыйналыштагы аксакалдар менен бирге ишенимдештерибизди сооротуп-жубатууда. Андан тышкары, филиалдын өкүлү катуу зыянга учураган аймактардагы бир туугандарды бекемдеп-кайраттандырды. Бос регионунда ишенимдештерибиз алгачкы тазалоо ишин бүтүрүп, бир туугандардын 20 үйүн ылайдан тазалашты. Үйү зыян тарткан бир туугандарга жардам бериш үчүн Сент-Март-Сюр-ле-Лакта Кырсык болгондо жардам берүү комитети уюштурулду.

Биз бул кырсыктан жапа чеккен бир туугандарыбыздын аларга «күч-кубат» берген Жахабага мындан ары да таяна беришин сурап тиленип турабыз (Чыгуу 15:2).