Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 26-ИЮЛЬ
КАНАДА

Канада, Торонто. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Канада, Торонто. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 19—21-июль

  • Өткөрүлгөн жери: «Ексибишен Плейс», Торонто, Онтарио, Канада

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, испан, португал

  • Катышкандардын жогорку саны: 46 183

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 317

  • Эл аралык делегаттардын саны: 5 000

  • Чакырылган филиалдар: Борбордук Америка, Бразилия, Британия, Жапония, Индия, Корея, Кошмо Штаттар, Украина, Филиппин, Финляндия

  • Жергиликтүү окуя: «Ексибишен Плейс» деген имараттын соода-сатык жана аземдер боюнча башкы жетекчиси Лаура Пурди мындай деген: «[Жахабанын Күбөлөрүнүн] жыйынынын комитети жыйын өткөн жерге байланыштуу айткан сөздөрүнүн баарын жүзөгө ашырды. Биз жыйыныңар өткөн башка имараттардын жетекчилери менен сүйлөшүп, силер тууралуу бир аз сураштырганбыз. Алар да биз күбө болгон нерсеге күбө болушуптур. Жыйындагылардын баары бири-бирине жылуу мамиле кылып жатышты. Мен башка шаарлардагы чоң имараттардын ээлерин имараттарын Жахабанын Күбөлөрүнө жыйын өткөрүү үчүн ижарага берүүгө көптөн көп үндөмөкмүн».

 

Торонтого келген делегаттарды аэропортто тосуп алып жаткан бир туугандар

Делегаттар менен жергиликтүү бир туугандар бири-бири менен кызматташуудан кубаныч алып жатышат

Канаданын филиалына келген делегаттарга музыка ойноп берип жаткан бейтелдиктер

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон жума күндүн соңку баяндамасын айтууда

Ишемби күнү чөмүлгөн 317 бир туугандын бири

Бир туугандар программадагы ойлорду жазып отурушат

Миссионерлер жана атайын толук убакыт кызмат кылган башка бир туугандар сахнанын алдына чыгып жатышат. Жыйынга келгендер болсо алардын эмгегин баалаарын көрсөтүп кол чабууда

Беш бир тууган Торонтодо (Канада) негизделген радиостанциядан 1920-жылдары берилген радиоуктурууну сахналаштырып жатат. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр (Жахабанын Күбөлөрү мурун ушинтип аталчу) 1926-жылга чейин эле Канаданын төрт шаарында өздөрүнүн радиостанцияларын иштетип жатышкан. Бул — Канаданын тарыхындагы эң орчундуу окуялардын бири

Делегаттар үчүн уюштурулган көптөгөн атайын программалардын биринде жергиликтүү бир туугандын жетекчилиги алдында жаш бир туугандар ырдап берип жатышат