2018-ЖЫЛ, 30-АВГУСТ
КАНАДА
Канаданын Жогорку соту жыйналыштан чыгаруу чарасына кийлигишүүдөн баш тартты
«Жахабанын Күбөлөрүнүн „Хайвуд“ жыйналышы (укуктук комитет) Уоллго каршы» деген ишти кароодо Канаданын Жогорку соту 2018-жылдын 31-майында бир добуштан «диний топтор аларга кимдер мүчө боло аларын чечүүгө жана эрежелерин бекитүүгө укуктуу» деген чечим чыгарды. Ушундайча Жогорку сот жыйналыштан чыгаруу чарасына соттор кийлигише албай турганын тааныды.
Жогорку сот Жахабанын Күбөлөрүнүн олуттуу күнөө кылган адамдын ишин кароо чаралары «таш боордукка жатпайт, тескерисинче, андай чаралар адамга кайрадан Жыйналыштын мүчөсү болгонго жардам берүү максатында көрүлөт» деген жыйынтыкка келди жана соттор диндердин ушу сыяктуу ички иштерине кийлигише албайт деген чечим чыгарды.
Ушундай чечим чыгышына эмнелер себеп болгонун Жогорку соттун судьясы Малком Роу тогуз судьядан турган сот коллегиясынын атынан мындай деп түшүндүрдү: «Кайсы бир диний топтун тартип эрежелери өз ичине ушу сыяктуу маселелерге келгенде диний окууларын чечмелөөнү да камтышы мүмкүн. Диний окууларга тиешелүү чечимдерди чыгарууга соттордун укугу да, түшүнүгү да жок».
Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы юристконсульту Филип Брамли мындай дейт: «Аргентинанын, Бразилиянын, Венгриянын, Ирландиянын, Италиянын, Перунун, Польшанын, Кошмо Штаттардын жогорку баскычтагы соттору сыяктуу эле, Канаданын Жогорку соту ушундай чечим чыгаруу менен Жахабанын Күбөсү болгонго ким жарактуу экенин Ыйык Китептин негизинде аныктоого болгон мыйзамдуу укугубузду тааныды» (1 Корунттуктар 5:11; 2 Жакан 9—11).