Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 25-ИЮЛЬ
КАНАДА

Британ Колумбиясындагы өрттүн айынан Жахабанын Күбөлөрү жыйын өткөрүлгөн жерге баш калкалоого аргасыз болушту

Британ Колумбиясындагы өрттүн айынан Жахабанын Күбөлөрү жыйын өткөрүлгөн жерге баш калкалоого аргасыз болушту

2017-жылдын 7—9-июлунда Жахабанын Күбөлөрү жыл сайын өткөрүлчү жыйынга катышкандан кийин 130тан ашык үй-бүлө үйүнө бара албай калган. Себеби Британ Колумбиясындагы Принс-Жорж шаарынын түштүк жагындагы аймагын өрт каптаганына байланыштуу, бийликтегилер ал жактагы элди эвакуациялоого буйрук беришкен.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Онтарио провинциясында жайгашкан Канададагы филиалы кырсыктан жапа чеккендерди убактылуу түнөк-жай, азык-түлүк менен камсыз кылыш үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитетин уюштурган. 2 500дөй Жахабанын Күбөсү жыйынга чогулган «Си-Эн-центринин» жетекчилиги аларга авточиркемелерин убактылуу стадиондун аймагына коюуга уруксат берген.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Канада: Маттьё Розон, тел: +1-905-873-4100