Мазмунун көрсөтүү

Кениядагы Найроби шаарындагы чабуул жасалган «Дусит» мейманканасы

2019-ЖЫЛ, 25-ЯНВАРЬ
КЕНИЯ

Кениядагы мейманканага чабуул жасалды

Кениядагы мейманканага чабуул жасалды

2019-жылдын 15-январында Кениянын борбору Найроби шаарындагы мейманкана менен кеңсеге чабуул жасалып, бери дегенде, 21 киши каза тапкан.

Кениядагы филиал билдиргендей, 7 километрдей алыстыктагы жерде болгон чабуулдан жарчылардын эч кимиси каза болгон эмес же жаракат алган эмес. Чабуул жасалган «Дусит» мейманканасында 10дон ашык бир тууган иштейт. Чабуул жасалган маалда 7 бир тууганыбыз жумушта эмес болчу. Калган үч бир тууганыбыз — бир инибиз менен эки карындашыбыз — эвакуацияланган. Алар чабуул учурунда 12 саат жашынып отуруп, эвакуация кылынгандардын арасында болчу.

Жергиликтүү аксакалдар жана райондук көзөмөлчүлөр бул кырсыктын таасири тийген жарчыларды Ыйык Китептин негизинде кайраттандырып, бекемдөөдө. Биз ушул оор учурда бир туугандарды сооротуп-жубатышын сурап Жахабадан тиленип турабыз (2 Корунттуктар 1:3, 4).