5-ИЮЛЬ, 2023
КЕНИЯ
Кениядагы окуучулардын дин тутуу эркиндигин коргогон сот чечими
2023-жылдын 12-майында Кениянын Апелляциялык соту ошол өлкөдөгү окуучулардын дин тутуу эркиндигин коргонгон орчундуу чечим чыгарды. Негизи, Кениянын мыйзамында диний ишенимине каршы келген кайсы бир иш-чарага катышканга абийири жол бербеген окуучуларды мажбурлоого тыюу салынган. Ошого карабай 2015-жылдан бери Жахабанын Күбөлөрүнүн ичинен 41 бала диний ишенимине каршы келген ишке катышуудан баш тартканы үчүн мектептен чыгарылган же аларга мектепке келбегиле деп тыюу салышкан.
Апелляциялык соттун чечимине 2017-жылы болгон бир иш да таасир эткен. Айта кетсек, ошондо Жахабанын Күбөсү болгон 9 окуучу көз карашын сылык түшүндүрүп, дин аралык иш-чарага катышпай турганын айтышкан. Акыры, алардын иши сотко чейин жеткен. 2019-жылы төмөнкү баскычтагы сот мектепте балдарды ошол ишке катышканга мажбурлашканы алардын дин тутуу укугун бузгандыкка жатпайт деп чечим чыгарган. Бактыга жараша, 2023-жылдын 12-майында Кениянын Апелляциялык соту мунун «[окуучунун] билим алууга байланыштуу укугун жана кадырын тебелегендикке жатарын» жарыялады. Ошондой эле соттун чечиминде Жахабанын Күбөлөрүнөн кайсы бир диний иш-чарага катышууну талап кылуу «бөлүп-жарууга жатары, конститутцияга да, мыйзамга да каршы келери» баса белгиленген. Ишке катышкан бир сот мындай деген: «Соттун бул чечими кийин дагы башка мектептерде окуучулардын диний укуктарына байланыштуу маселе көтөрүлгөндө колдонулууга тийиш».
Бул чечим Кениянын Билим берүү министрлиги 2022-жылы чыгарган көрсөтмөнү дагы да күчүнө киргизет. Ал көрсөтмөдө мугалимдер бардык окуучулардын диний укуктарын коргоого чакырылган. Ошондой эле жогоруда айтылган соттун чечиминде Кения Жахабанын Күбөсү болгон окуучулардын негизги укуктарына байланыштуу ушул сыяктуу чечим чыгарган, барган сайын саны өсүп жаткан Африка өлкөлөрүнүн катарына кошулганы айтылган. Ал өлкөлөрдүн катарында Малави менен Руанда да бар.
Кениядагы жана дүйнөнүн булуң бурчундагы кайратынан жанбаган жаш ишенимдештерибиз менен Жахабанын сыймыктанарына шек жок. Себеби алар чыныгы Кудайга сыйынууну колдоп, көз карашын бекем жактап жатышат (Накыл сөздөр 29:25).