7-ИЮНЬ, 2022
КЕНИЯ
Кениянын өкмөтү мектеп окуучуларынын укугун коргогон жарлык чыгарды
2022-жылдын 4-мартында Кениянын Билим берүү министрлиги маанилүү бир жарлык чыгарды. Эми билим берүү жаатында эмгектенгендер мектеп окуучуларынын диний көз карашын сыйлаганга тийиш. Көптөгөн жылдардан бери Жахабанын Күбөлөрүнүн балдарын мектептерде диний көз карашы үчүн шылдыңга алып, бөлүп келишкен. Жаңы жарлыктын аркасында мындан ары алардын укуктары жакшы корголо баштайт деген үмүт бар.
2015-жылдан баштап Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөлөрүндөгү 36 окуучу мектептеги бардыгы катышууга тийиш болгон диний каадаларга катышкандан баш тартканы үчүн мектептен чыгарылып же сабактан кууп чыгарылып келишкен. 2018-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн Найробиде жайгашкан филиалындагы бир туугандар билим берүү жаатындагы бир нече кениялык бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, ушул көйгөйгө көңүлүн бурдурушкан. Мисалы, ошол эле жылдын 23-октябрында ошол учурда Министрлер кабинетиндеги билим берүү маселелерине жооптуу болгон катчы — Амина Мохамен айым — менен жолугушкан.
Расмий жарлыкта Кенияда «айрым мектептердин администрациясы болбогон эле себептерден улам балдарды мектептен чыгарып жатканы» ачык эле айтылган. Андан тышкары, документте «белгилүү бир окуу жайлары окуучулардын диний укуктарын бузуп жатканы, ошондой эле туткан дини үчүн эле мектепке албай же чыгарып жатканы» да баса белгиленген.
Министрликтин бул жарлыгы Кениядагы жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири жар салынган. Мисалы, жарлыкта «балдардын укуктарынын бузулуп жатканы улуттук мыйзамдарга, региондук жана эл аралык конвенцияларга, айрыкча, Кениянын Конституциясына каршы келери» айтылган. Демек, «диний көз карашына каршы келген иш-аракеттерге» Жахабанын Күбөлөрүнүн балдарын, дегеле эч кимди мажбурлабаш керек. Бул көрсөтмөгө окуу жайларынын баары баш ийүүгө милдеттүү.
Найробиде жашаган Кимберли Ньянгейте аттуу 17 жашар ишенимдешибиз мындай дейт: «Диний каадаларга баш ийгенден баш тартканым үчүн эле ата-энемди мектепке бештен ашык жолу чакыртышты. Эми Кудайга болгон ишенимимди көбүрөөк сыйлай башташат деп үмүттөнөм».
Ушул жарлыкты иштеп чыгыш үчүн күжүрмөн эмгектенген калыс бийлик өкүлдөрүнө аябай ыраазыбыз. Анын аркасында эми жаш ишенимдештерибизге көз карашын жактаганга кыйла жеңилирээк болот (1 Корунттуктар 15:58).