31-МАЙ, 2021
КОНГО ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ
Жанар тоонун атылышы Гоманы чоң зыянга учуратты, миңдегендер качканга аргасыз болушту
Болгон жери
Гома, Конго Демократиялык Республикасы
Кырсык
2021-жылдын 22-майында Түндүк Киву провинциясындагы Гома шаарына жакын жерде Маунт Ньирагонго жанар тоосу атылды. Анын айынан миңдегендерге ошол жактан качканга туура келди
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
2 000 жарчы жакын жердеги шаарларга көчүрүлдү
Атайын толук убакыттагы 35 жарчыга убактылуу башка жакка барып турганга туура келди
Мүлккө келтирилген зыян
Ишенимдештерибиздин, бери дегенде, 29 үйү талкаланып калды
Жардам берүү иштери
Кырсык болгондо жардам берүү комитети (КБЖБК) жардам берүү ишин уюштурууга даярдалды. КБЖБК бир туугандардын канчалык зыянга учураганын тактап, иш жүзүндө жардам көрсөтүш үчүн райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар менен кызматташууда
Жардам көрсөтүүдө COVID-19 пандемиясына байланыштуу көрсөтмөлөр сакталууда
Ишенимдештерибиздин көбүнүн үй-жайынан айрылганы өкүнүчтүү. Бирок кубанычтуусу алардын эч кимиси табигый кырсыктан зыян тарткан жок. Биз алар ушундай оор учурда Жахабага таянышы үчүн тиленип турабыз (Накум 1:7).