24-ИЮНЬ, 2020
КОНГО ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ
Конгодогу (Киншаса) филиалга караштуу аймактагы ишенимдештерибиз куйрук улаш келген каргашалардан жапа чегип жатышат
Учурда Конго Демократиялык Республикасы менен Конго Республикасынын айрым жерлеринде ишенимдештерибиз коронавирус пандемиясынан сырткары, суу ташкыны жана куралдуу жаңжалдардан жапа чегип жатышат. Аталган эки өлкөдөгү ишибизге көзөмөл жүргүзгөн Конгодогу (Киншаса) филиал оор жагдайга кабылган бир туугандарыбызга рухий жана материалдык жактан жардам көрсөтүлүшүнө кам көрүп жатат. Бул максатта 57 кырсык болгондо жардам берүү комитети (КБЖБК) түзүлдү. Ушул күнгө чейин 90 000 ашуун ишенимдешибиз азык-түлүк менен камсыз кылынды.
2020-жылдын 16 жана 17-апрелинде Конго Республикасынын чыгышында катуу жаан-чачындан улам сел жүрүп, 139 жарчы убактылуу ишенимдештериникине жайгаштырылды. Ал жактагы КБЖБКлар ошондой жагдайга кабылгандарды жайгаштырса боло турган жерлерди тапканга көмөк көрсөтүп келишет.
Башка бир туугандар марттык менен тартуу кылып КБЖБКларга колдоо көрсөтүп жатышат. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында 700 килограмм банан, 400 килограмм дан, 220 килограмм маниока менен жалбырагы чогулду.
Мындан сырткары, бир жыйналыштагы 60 жарчы жаңжал тутанган жерлерден качып кеткен 50 ишенимдешин үйлөрүнө кабыл алып, КБЖБКдан жардам келгенге чейин алар менен тамак-ашын бөлүшүп жатышты.
Конго Республикасынын борбор калаасы Браззавильде жашаган бир ишенимдешибиз кандай абалга туш болгонун мындайча айтып берет: «Акчасы жупуну болсо да жумушум бар болчу. Жубайым анда-санда иштеп койчу. Тапкан каражатыбызды тияк-биягыбызга чоюп жеткирчүбүз. Анан эле бир күнү COVID-19 илдети баскынчыдай болуп каптап киргенде иштебей отуруп калдык». Сөзүн улап ал: «Бирок Жахабадан үмүтүбүздү үзгөн жокпуз. Акчабыз түгөнгөндө эмне кыларыбызды талкуулайлы деп жатканда Жахаба өзү кийлигишип жардам берди»,— дейт.
Киншасада жашаган жесир Мбуи Эстер мындай деп бөлүшөт: «Бир ай эле мурун жолдошум каза болуп калган. Эми үч балама тамакты кантип табам деп башым маң болуп жаткан. Так ошондо бир туугандар көпкө чейин жетерлик азык-түлүк алып келип беришти. Бизде мынча көп азык-түлүгүбүз эч качан болгон эмес. Рахмат сага, Жахаба!».
Жахабадан мындан ары да бир туугандарыбызга кам көрүшүн сурап тилене беребиз. Баарыбыз жер бетинде бардыгы мол боло турган заманды чыдамсыздык менен күтүп келебиз (Забур 72:16).