Мазмунун көрсөтүү

3-ИЮНЬ, 2021
КОНГО ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ

Конгодо Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» алур тилинде жарык көрдү

Конгодо Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» алур тилинде жарык көрдү

2021-жылдын 30-майында Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» алур тилинде жарык көрдү. Анын электрондук форматта чыкканын Конго Демократиялык Республикасындагы (Киншаса) филиалдын комитетинин мүчөсү Хагиес Кабитсва алдын ала жаздырылган программа учурунда кулактандырды.

Котормого байланыштуу урунттуу жерлер

  • Алур тилинде Борбордук Африкада жашагандар, өзгөчө, Конго Демократиялык Республикасынын түндүк-чыгышында жана Угандага чектеш аймакта жашагандар сүйлөшөт

  • Эсептөөлөргө ылайык, бул тилде 1 735 000 киши сүйлөйт

  • Алур тилиндеги 48 жыйналышта жана топтордо 1 500дөн ашуун жарчы кызмат кылат

  • 6 котормочу бул долбоордун үстүнөн 12 ай бою эмгектенишкен

Конгодогу (Киншаса) филиалдын комитети Кристиан Белотти мындай деп ой бөлүшкөн: «Алур тилинде сүйлөгөн жарчылар бул котормону окугандан ырахат алат болуш керек. Башкаларга да аяттарды жакшыраак түшүндүрүп берип, Кудайдын Сөзүн көбүрөөк баалаганга жардам бере алышат деп ишенем» (Лука 24:32).

Бул Ыйык Китеп ишенимдештерибизге «түбөлүк жакшы кабарды» мындан ары да ынталуу жарыялай бергенге көмөк кыларынан шектенбейбиз (Аян 14:6).