Мазмунун көрсөтүү

2-ЯНВАРЬ, 2020
КОНГО ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ

Конгонун көп жерлерин суу каптоодо

Конгонун көп жерлерин суу каптоодо

Борбордук Африкадагы Конго Демократиялык Республикасында катуу шамал болуп, көп жерлерди узак убакыттан бери суу каптап тургандыктан, абал учурда абдан кооптуу болуп турат. Жахабанын Күбөлөрүнүн Конгодогу (Киншаса) филиалы билдиргендей, бул кырсыктан көптөгөн ишенимдештерибиз жабыр тарткан. Кейиштүүсү, борбор калаа Киншасада бир ишенимдешибиз (эркек) каза тапкан.

Конгодогу (Киншаса) филиал төмөнкүлөрдү билдирди:

  • Конгонун түштүк-батышындагы Касаи провинциясында катуу шамалдан, нөшөрлөп жааган жаандан улам Жахабанын Күбөлөрү болгон алты үй-бүлөнүн үйү талкаланган.

  • Түндүк-батышта жайгашкан Түштүк Убанги провинциясында бир Падышалык залын толугу менен суу каптап калган. Аны үч жыйналыш колдончу. Ал жыйналыштарда жалпысынан 69 жарчы кызмат кылат. Ошол аймактагы 22 үй-бүлө да зыянга учураган. Ал жактагы жабыр тарткан ишенимдештерибизди зарыл нерселер менен камсыз кылып, жубатып-сооротуш үчүн филиал бир атайын пионерди жана дагы бир аксакалды дайындаган.

  • Чопо провинциясында Конго дарыясынын боюнда жашаган ишенимдештерибиз башка жакка кетүүгө аргасыз болушкан. Ал жердеги бир Падышалык залын суу каптаган.

  • Киншасадагы жыйналыштар, бери дегенде, 80 үй-бүлөнүн зыян тартканын билдирген.

Көп жерлерди сууп каптап тургандыктан, эпидемия болуп кетүү коркунучу бар. Ошол себептен филиал жарчыларга оорулардан сактанууга жардам бериш үчүн айрым маалыматтар менен бөлүшүүдө.

Ушундай оор кыйынчылыктарга карабай ишенимдештерибиз бири-бирин колдоп, тамак-аш, кийим-кече жагынан жардам беришүүдө. Ал эми Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери филиалдын көзөмөлү алдында көмөк көрсөтүүдө.

Биздин алар үчүн тиленгенибиз, Жахабанын уюмунун зарыл жардам менен камсыз кылганы жана бекемдеп-кайраттандырганы ушундай оор учурда «кайгыргандардын баарын соороторунан» шектенбейбиз (Ышая 61:1, 2).