Мазмунун көрсөтүү

Лубумбашиде (Конго Демократиялык Республикасы) курулуп жаткан имараттардын макети

21-ЯНВАРЬ, 2022
КОНГО ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ

Конго Демократиялык Республикасында Бейтелдин жаңы имараттары курулуп жатат

Конго Демократиялык Республикасында Бейтелдин жаңы имараттары курулуп жатат

Конго Демократиялык Республикасындагы Лубумбашиде курулуш иштери жүрүп жатат. Кийин ал жаңы имараттар негизги филиал катары пайдаланылат. Ал жакка 2022-жылдын май айларында 260тай бейтелдик көчкөнү жатат. 131 бейтелдик болсо Киншасадагы a филиалда калат. Киншасадагы филиалдын жанында дагы бир кошумча турак жай жана кеңселери бар имарат курула башталды. 2024-жылдын январь айында 48 бейтелдиктин ал жаңы имараттарга көчүрүлүшү пландаштырылууда. Эки аймакта салынып жаткан бул имараттар Конгодогу барган сайын өсүп жаткан теократиялык иш үчүн колдонулат.

Кеңселер боло турган имараттын курулушу

2021-кызмат жылында Конго Демократиялык Республикасында Ыйык Китепти 250 000ден ашык киши изилдеген. Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине 1 000 000дон ашуун киши катышкан. Азыркы тапта Киншасадагы филиалда 394 бейтелдик бар.

Киншасадагы филиалдын имараттарын кеңейтүү анча ылайыктуу болбогондуктан, бир туугандар башка шаарлардан кошумча аймак издеп көрүүнү чечишкен. Алар Лубумбашиден жаңы филиал курууга жана келечекте аны кеңейтүүгө шарт түзгөн ылайыктуу жер табышкан.

Солдо: 300гө жакын бейтелдик жакында Лубумбашидеги жаңы турак үйлөргө көчүрүлөт. Оңдо: Турак үйлөрдүн макети

Жаңы филиал курула турган Лубумбашидеги жер Киншасадан 2 300 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал аймак 12 гектарды түзөт. Ошол жерге турак жайлар, кеңселер, кампалар жана ар кандай максатта колдонулуучу ашканасы бар чоң зал курулат. Ошондой эле эс алуу жерлери болот.

Курулуш 2020-жылы ноябрда башталган, бирок COVID-19 пандемиясынын айынан пайда болгон көп кыйынчылыктар курулуш ишине тоскоолдуктарды жаратты.

Конгодогу (Киншаса) филиалдын комитетинин мүчөсү Роберт Элонго мындай дейт: «Чек аралар жабылып калгандыктан, курулуш материалдарын алуу кыйла эле оор болду. Ошондуктан долбоордун баштапкы иштери узакка созулуп кетти».

Анткен менен Элонго мындай деп ой бөлүшөт: «Бир жылдын ичинде эле долбоордун биринчи баскычындагы жумуштардын 40 пайызы бүттү».

Жахабанын бул долбоорду колдоп жатканы айдан ачык көрүнүүдө. Машаяктын мүлкүнө кирген бул имараттардын курулушунун аркасында башкалар Жахабанын эли жөнүндө жакшы ойдо калса экен жана анын ысмынын даңкталышына өбөлгө түзсө экен деп тиленебиз (Матай 24:47).

a Конгодогу (Киншаса) филиал Конго Демократиялык Республикасындагы жана Конго Республикасындагы теократиялык ишти көзөмөлдөйт.