2018-ЖЫЛ, 18-ИЮЛЬ
КОНГО ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ
Конгонун түндүк-чыгышындагы бир туугандар кандуу кагылышуудан качып чыгышты
Конго Демократиялык Республикасынын Итури провинциясындагы хема менен ленду этникалык топтордун ортосунда болгон кагылыштын кесепетинде 2017-жылдын декабрь айынан бери көп сандаган адамдар каза таап, он миңдегендер башка жакка качып чыгууда. Ырайымсыздыкка кабылгандардын арасында көптөгөн бир туугандарыбыз да бар.
Конгодогу качкындар конуштарындагы миңдеген качкындар, анын ичинде Конгонун чек арасына жакын жердеги эки качкындар конушунда жашаган 192 бир тууган баш аламандыктын айынан Угандага качып чыгышкан. 2018-жылдын июнь айынан тартып дагы 1 098 Жахабанын Күбөсү согуш жүрүп жаткан аймактан Итури провинциясынын борбор калаасы Буниага качууга аргасыз болгон. Кейиштүүсү, бир жубайлар жана ата-энеси Жахабанын Күбөсү болгон үч жаш бала оорудан көз жумган. Бирок, бактыга жараша, бир туугандарыбыздын эч кимиси кандуу кагылышта набыт болгон эмес.
Качып чыккан бир туугандарыбыздын көптөрүнүн үйлөрү тонолгон же өрттөлгөн. Андан тышкары, үй-бүлөсүн багыш үчүн жер иштеткен бир туугандар түшүмүнөн кол жууп калышкан.
Жаңжал тутангандан бери кагылыш жүрүп жаткан аймактан сырткары жашаган бир туугандар жабыр тарткан ишенимдештерине жардам берип келатышат. Айрымдар жарчыларды коопсуз жакка көчүрүш үчүн унааларын беришкен (макаланын башындагы сүрөттү карагыла). Ошондой эле Буниадагы Жахабанын Күбөсү болгон 205 үй-бүлө, өздөрү начар жашаганына карабай, акча, азык-түлүк берип, көчүп келгендерди турак-жай менен камсыз кылган. Буниада эки чоң качкындар конушу бар болсо да, качып келген бир туугандарды жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү үйлөрүнө алышкан (Накыл сөздөр 17:17).
Конгодогу филиалдын комитети муктаж болгон бир туугандарды зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитетин түзгөн. Филиалдын өкүлдөрү жапа чеккен бир туугандарга барып, аларды сооротуп-жубатып, Кудайга болгон ишенимин бекемдешкен.
Буниага жана башка аймактарга качып барууга аргасыз болгон бир туугандар жергиликтүү жыйналыштар менен бирге жолугушууларга барып, жакшы кабарды жарыялоо ишине жигердүү катышып жатышат. Бир туугандар 2018-жылдын февраль айынан апрель айына чейин качкындар конуштарындагы 270 киши менен Ыйык Китепти изилдей башташкан.
Биз Конгодогу бир туугандарыбыздын жан дүйнө бейкуттугуна ээ болушуна жардам беришин жана жабыр тарткан жарчыларга кам көрүү үчүн жумшаган аракеттерине батасын беришин сурап, Жахабадан тиленип турабыз. Ар бирибиз Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн бийлик жүргүзүп, тынчтык орното турган жана Жахабанын эли «бейпил жерде» жашай турган убакты чыдамсыздык менен күтүп келебиз (Ышая 32:17, 18).