Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 25-ИЮЛЬ
КОНГО ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ

Жахабанын Күбөлөрү Конгодо куралдуу кагылышуулардан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө

Жахабанын Күбөлөрү Конгодо куралдуу кагылышуулардан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө

Белинда (коопсуздугу үчүн фамилиясы жазылган жок) үч баласы менен Анголанын Дундо шаарындагы ооруканада дарыланууда. Жолдошу Конгодо киши колдуу болуп өлгөн, бир кызы дайынсыз. Белинда эки жаштагы кенже кызы Ритина экөө пулемёттун огуна кабылып, кызынын бутун кесиш керек болду. Дагы бир кызын мачет менен сайып жарадар кылышкан.

КИНШАСА, Конго. Жахабанын Күбөлөрү Конго Демократиялык Республикасындагы Касаи аймагында тутанган кагылышуудан жапа чеккен ишенимдештерин зарыл нерселер менен камсыз кылып, аларга рухий жактан колдоо көрсөтүп жатышат. Этностук келишпестиктердин, куралдуу топтордун кагылышууларынын жана жарандар арасындагы жаңжалдардын айынан 1,3 миллиондон ашуун адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Алардын 30 000ден ашууну Касаи аймагынан коңшу Анголага качып кетишкен. Бечара адамдар зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылышкан. Көптөрү күйгөндүктөн, мачет (кант камышын кескен чоң бычак) сайылгандыктан, ок жегендиктен Анголага барары менен медициналык жардамга муктаж болушкан. Учурда Анголадагы качкындардын 870тен ашууну — Жахабанын Күбөлөрү жана алардын майда балдары. Алардын, бери дегенде, ону жаракат алган. Өкүнүчтүүсү, акыркы отчётко ылайык, 22 Жахабанын Күбөсү каза болду.

Анголадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалынан келген өкүл анголалык жана конголук аксакалдар менен жолугушту. Алардын айрымдары — качкындар.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Киншасадагы филиалынын өкүлү Роберт Элонго мындай дейт: «Кагылышуулардын айынан ушунча көп адамдардын, алардын арасында майда балдардын, жапа чегип жатканы зээнди кейитпей койбойт. Айрымдары жаңжал тутанган жерге жакын болуп калганы үчүн эле жөн жерден жабыркап калышкан. Ишенимдештерибиз үчүн аябай тынчсызданып, аларды сак болууга үндөп жатабыз. Жахабанын Күбөлөрүнүн Анголадагы филиалы менен биргелешип, бир туугандарыбызга материалдык, эмоциялык, рухий жардам көрсөтүш үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз».

Конгодогу кагылышуулардан токойго качып кеткендер алачык куруп жатышат.

Ангола менен Конгодогу Жахабанын Күбөлөрү уюшкандыкта жана токтотпой иш жүргүзүү үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитеттерин түзүшкөн. Качкындарга 34 тоннадан ашык гуманитардык жардам: төшөк-жууркан, кийим-кечек, азык-түлүк, чиркейден коргогон тор, бут кийим, ошондой эле 525 килограмм дары-дармек жеткирилген. Жахабанын Күбөсү болгон бир доктур качкындар лагерлериндеги тез жардамга муктаж 135 кишиге жардам көрсөткөн.

Андан сырткары, Ангола менен Конгодогу филиалдардын өкүлдөрү качкындар менен атайын жолугушууларды өткөрүшкөн. Алар кыйналган бир туугандарын рухий жактан бекемдеш үчүн, учурдагы муктаждыктарын эске алып, Ыйык Китепке негизделген баяндамаларды айтышкан. Анголада негизги тил португал тили болуп эсептелсе да, бир туугандар, башындагы сүрөттө көрсөтүлгөндөй, жолугушуулардын Конгодогу төрт негизги тилдин бири болгон чилуба тилинде өткөрүлүшүнө кам көрүшкөн.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Ангола: Тодд Пекем, тел: +244-923-166-760

Конго Демократиялык Республикасы: Роберт Элонго, +243-81-555-1000