Мазмунун көрсөтүү

Картада Эбола күч алган Түштүк Киву жана Итури провинциялары көрсөтүлгөн. Бени шаарында өткөрүлгөн райондук жыйында атайын орнотулган кол жуугучка колун жууп жаткан кыз

2019-ЖЫЛ, 2-МАЙ
КОНГО ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ

Өмүргө коркунуч туудурган Эбола Конго Демократиялык Республикасына жайылууда

Өмүргө коркунуч туудурган Эбола Конго Демократиялык Республикасына жайылууда

Конго Демократиялык Республикасында саясий кагылышуулар күч алып турган убакта Эбола вирусу өлкөгө тарай баштаган. Ал 2018-жылдын август айынан бери күчөөдө. Түндүк Киву жана Итури аймактарында Эбола 1 088 кишиге жугуп, 665 кишинин өмүрүн алып кеткен. Өкүнүчтүүсү, бул оорудан бир туугандарыбыз да жапа чегүүдө. Конгодогу (Киншаса) филиал каза болгон бир туугандардын арасында он киши жана эки бала бар экенин билдирген. Оору жугузуп алган бир ишенимдешибиз айыгып кеткен.

Конгодогу (Киншаса) филиал ал жактагы бир туугандарга оорудан кантип сактанса болорун үйрөтүш үчүн атайын видео менен баяндама даярдоого Координаторлор комитетинен уруксат алган. Видеодо эң сонун кеңештер берилген. Алсак, бүт жыйналыштар, жолугушууларга келгендердин баары колун жуушу үчүн, атайын кол жуугучтарды орнотууга чакырылган. Азыр бүт жыйналыштарда ушундай кылынууда. Бул оорунун жайылып кетпешине шарт түзүүдө. Саламаттык сактоо жаатындагы эки кызматкер филиалга Жахабанын Күбөлөрүн Эбола вирусуна бөгөт коюш үчүн көргөн чаралары үчүн мактап, ыраазычылык билдирген кат жөнөткөн (Матай 5:16).

Көптөгөн шаарларда бир туугандарга жумалап карантинде болууга туура келүүдө. Оору андан ары да жайылбашы үчүн, филиал 12 районго региондук жыйындарды кийинчерээк өткөрүүнү сунуштаган. Ал эми оорудан жабыркаган жыйналыштар рухий тамактан өксүбөшү үчүн, филиал ал жыйналыштардын жыйындын программасынын видеожаздыруусун Падышалык залдарынан көрүшүнө кам көргөн.

Биз Конго Демократиялык Республикасындагы бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз. Ыйык Китептеги оорунун бири да болбой турган заман жөнүндөгү үмүт баарыбызды жубатат (Ышая 33:24).