Мазмунун көрсөтүү

19-НОЯБРЬ, 2019
КОШМО ШТАТТАР

АКШнын Калифорния штатындагы мектепте ок атылды

АКШнын Калифорния штатындагы мектепте ок атылды

2019-жылдын 14-ноябрында Санта-Кларита шаарындагы орто мектептин бир окуучусу классташтарына ок аткан. Анын кесепетинде эки окуучу каза таап, үчөө жарадар болгон. Ок аткан окуучу акырында өзүн атып тынган.

Ок жеген окуучулардын арасында бир ишенимдешибиздин Доминик Блэкуел деген уулу да болгон. 14 жаштагы Доминик апасы Ненси Блэкуел менен жыйналыштарга дайыма барып турчу. Анын ата-энеси, үч бир тууганы катуу күйүт тартууда. Аксакалдар анын үй-бүлөсүн жана жергиликтүү жыйналыштагыларды Ыйык Китептеги аяттар менен жубатып, сооротууда.

Бул каргашаны угуп баарыбыз кайгырып жатабыз. Биз Кудайдын көзүбүздөн «бардык жашты аарчый» турган, өлүм, кайгы, өкүрүк, оору болбой турган заманды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Аян 21:4).